Кытайда панданын баласы кыздын төбөсүн тиштеп алды

© AFP / KAZUHIRO NOGIПанда. Архив
Панда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Панданын баласы дарактын жанына келип селфи кылам деген кыздын башын кармоого аракет кылган.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кытайдын Чэнду шаарындагы корукта панданын баласы кыздын төбөсүн тиштеп алды. Окуянын видеосу Haberturk гезитинин Twitter баракчасына жарыяланды.

​Анда көрүнүп тургандай, панданын баласы дарактын жанына келип селфи кылам деген кыздын башын кармоого аракет кылып, тиштеп алган.

Жандык жардамга келген коруктун кызматкерине каршылык көрсөтпөй, тиштеп алган кыздын чачын акырын кое берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0