БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң жаш чылым чеккич деп эсептелген индонезиялык тогуз жаштагы Алди Ризал жаман адатынан арылып арыктады. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып чыккан.
Chain-smoking TWO-year-old, now aged 9, kicks his 40-a-day habit and becomes the star pupil at his primary school https://t.co/VoeGwCXX2H
— Daily Mail Online (@MailOnline) 26 апреля 2017 г.
Ризал эки жашынан баштап чылым чегип, бир күндө 40 тамекини жөн эле тартып койчу. Жаш бала беш жыл дарыланып жаман адатынан арылганы менен майлуу тамактарды көп жеп тез эле семирип кеткен.
Басылма тогуз жаштагы Ризал туура тамактанууну үйрөнүп, сабактарын жакшы окуп, мектептин жылдызына айланганын кошумчалады.