WikiLeaks сайты. Архив

WikiLeaks сайты ЦРУнун кезектеги жашыруун документтерин жарыялады

125
(жаңыланган 21:35 28.04.2017)
Сайттын маалыматына караганда жаңы документтерде ЦРУнун Scribbles деп аталган долбоорунун коддору камтылган.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. WikiLeaks сайты Американын борбордук чалгындоо башкармалыгына (ЦРУ) тиешелүү кезектеги жашыруун Vault 7 деген документтерди жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди. 

Буга чейин "Ыйлаган периште" (Плачущий ангел) деген ат менен жашыруун декументтер 21-апрелде жарыяланган.

Сайттын маалыматына караганда жаңы документтерде ЦРУнун Scribbles деп аталган долбоорлорунун коддору камтылган. Бул долбоор Microsoft Office документтерин интернетке кошулбай туруп эле изилдеп, андагы маанилүү маалыматтарды чогулта алат. 2016-жылы 1-мартта сыр деген белги коюлган документтерди 2066-жылга чейин ачыкка чыгарууга тыюу салынган.

WikiLeaks сайты ЦРУнун сыр документтеринин топтомун биринчи жолу 7-мартта жарыялап, бул аракеттер ачыкка чыккан сыр документтердин эң ириси болорун маалымдаган. Ал 8,7 миң документ жана файлдан турат.

125
Белгилер:
сыр, WikiLeaks, ЦРУ
Тема боюнча
Wikileaks ЦРУнун сыр документтерин ачыкка чыгарды
Тыңчылардын оюну. ЦРУ 50-жылдары Кыргыз ССРинин эмнесине кызыккан
WikiLeaks Түркиянын бийликтеги партиясынын жашыруун каттарын жарыялады

Юпитер планетасынын үстүнөн көрүнүшү. NASA тарткан видео

6
NASA агенттигинин планета аралык "Юнона" станциясы Юпитерге 2016-жылдан бери байкоо жүргүзүп келет. Күн системасындагы эң чоң планетага жетүү үчүн космос кемеси беш жыл убакыт короткон.

Видео атайын аппараттын жардамы менен тартылган 41 сүрөттөн куралган. Анда көрүүчү Юпитер асмандан кандай көрүнөрүн байкай алат.

"Юнона" миссиясынын максаты Юпитерди дагы да терең изилдөө болуп саналат. Бул планеталар аралык станция 1995-2003-жылдары ири планетаны айланган экинчи космос кемеси болуп калды. Алгач ирет "Галилео" станциясы тегерете байкоо салган.

6
Белгилер:
Юпитер, видео, планета, NASA
Тема боюнча
Кайнап жаткан кадимки Күн планетасынын үстүнөн көрүнүшү. Видео, сүрөт

Бөрү карыса да бир койлук алы бар! Тайсон менен Жонстун беттешинин толук видеосу

97
Бүгүн бокс дүйнөсүндө чоң майрам болду. Спорттун дөө-шаалары Майк Тайсон менен Рой Жонс рингде көптөн күттүргөн кармашты тартуулады.

Атактуу спортчулардын беттешинин толук видеосу YouTube-каналга жарыяланды.

Кармашуу АКШнын Калифорния шаарында өттү. Ал сегиз раундга ылайыкташып, ар бир бөлүк эки мүнөткө белгиленген.

Беттеш мөөнөтүнөн мурда аяктабай, спортчулар аягына чейин кармашышты. Натыйжада калыстар алар тең чыкты деген тыянакка келишкен.

Кармаш күйөрмандар болжолдогондой эле болду. Тайсон дистанцияны жакындатып, Жонско ыңгайсыздык жаратканга аракет кылды. Атаандашы өз кезегинде күүлүү-күчтүү экенин тастыктап турду. Нокаут болгон жок.

Эки боксчу тең жыйынтыкка макул болбой, жеңгенин бир ооздон айтып, рингдеги артыкчылыктарын санашты.

Тайсон да, Жонс да рингге карьерасын жыйынтыктагандан кийин кайтып жатканын белгилей кетели. Майк Тайсон 2005-жылдан бери, ал эми Рой Жонс 2018-жылдан бери беттешке чыга элек болчу.

97
Белгилер:
видео, беттешүү, бокс, Рой Жонс, Майк Тайсон, АКШ
Тема боюнча
Майк Тайсон менен Рой Жонстун кыл чайнашы. Тексттик трансляция
Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу