Түркияда "Википедия" сайты жабылды

© Sputnik / Таалай ОроскуловВикипедия сайты. Архив
Википедия сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча тыюу салуунун так себеби маалымдала элек.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Түркиянын бийлиги "Википедия" сайтына кирүүгө чектөө койгонун Hurriyet басылмасы жазды.

Twitter социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: айрым колдонуучулар Twitter баракчасына киргенде акы төлөйт
Маалыматка ылайык, мындай тыюу салуу өлкөнүн Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча кеңешинин чечиминен улам киргизилген. "№5651 мыйзамга ылайык, Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча кеңеши тарабынан техникалык жана юридикалык баа берүү боюнча иштердин жыйынтыгында Wikipedia.org сайтына карата административдик чаралар колдонулат", — деп жазат аталган басылма.

Азырынча тыюу салуунун так себеби маалымдала элек. Түркиядагы №5651 мыйзам Интернетти жана ал жакта болгон кылмыштар менен күрөшүүнү жолго салат. Буга чейин бул мыйзам сөз эркиндигин чектөө катары оппозиция тарабынан бир нече жолу сынга кабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0