Акула менен кармашкан куткаруучунун жамбашы жулунуп, жырткычтын тишине кетти

© AFP / CARL DE SOUZAБелая акула вблизи залива Фальш
Белая акула вблизи залива Фальш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дюбоскт расмий түрдө адам жашоосуна кооптуу делип, тыюу салынган жерде серфинг тээп жаткан маалда ага акула кол салган.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. 30 жаштагы деңиз куткаруучусу Адриан Дюбоскту Инд океанындагы Реюньон аралынын жээгинен акула тиштеп өлтүргөндүгү тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Белая акула проломила клетку, где находился дайвер - Sputnik Кыргызстан
Акула суучул түшкөн капастын бырын-чырынын чыгарды
Маалыматка караганда, Дюбоскт акулалардын адамдарга кол салуусун алдын алуу менен алектенген Shark Watch Patrol уюмунун активисти болгон.

Каргашалуу окуя 29-апрель күнү болду. Дюбоскт расмий түрдө адам жашоосуна кооптуу делип, тыюу салынган жерде серфинг тебүүнө чечкен. Спортчу эки досу коштоп жүргөнү айтылууда.

Жырткыч Дюбосктко капысынан кол салып, оң жамбашын тиштеп жулуп алган.

"Куткаруучулар менен дарыгерлер анын жашоосу үчүн жарым сааттан ашык күрөшкөнүнө карабай, спортчуну аман алып калууга мүмкүн болгон жок", — деп айтылат маалыматта.

Адриан Дюбоскт бир топ убакыттан бери акулалардын жашоо образына кызыгып, алар тууралуу ар кандай сүрөттөрдү өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жүктөп жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0