Литвалык эркектерге көлдүн жээгинде күнгө кактануу үчүн атайын жер бөлүнөт

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүПляж Копакабана в Рио-де-Жанейро
Пляж Копакабана в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пляжда эркектерге арналган аймакты ишке киргизүүгө көп каражаттын кереги жок.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Литванын Неринга шаарынын жетекчилиги көл жээгинде күнгө кактана турган аймактардан төрт жерди атайын эркектерге бөлүп бергендиги тууралуу Lietuvos zinios басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Ушул жайдан баштап мындай аймактар Нида, Прейла, Первалка жана Юодкранте пляждарында иштей баштайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Белая акула вблизи залива Фальш - Sputnik Кыргызстан
Акула менен кармашкан куткаруучунун жамбашы жулунуп, жырткычтын тишине кетти
Басылманын жазганына караганда, шаар бийлиги мындай чечимди Тең укуктуулук кызматынын арызынан кийин кабыл алган. Алар шаарда аялдар жана жылаңачтангандардын атайын пляжы бар болгондуктан, эркектерге тиешелүү дагы аймак болушу керек деп эсептейт.

Ал эми шаардын өзүн-өзү башкаруу администрациясынын жетекчиси Альгимантас Вишняускас аталган кызматтын талабын аткарбаска арга жок экенин белгиледи.

Анын айтаманда, пляжда эркектерге арналган аймакты ишке киргизүүгө көп каражаттын кереги жок.

Бирок документтерди тууралоого көп убакыт талап кылынышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0