АКШ: конгресстеги жыйын учурунда күлгөн аял эки жылга кесилиши мүмкүн

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКапитолийдеги АКНнын желеги. Архив
Капитолийдеги АКНнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
61 жаштагы Дезири А.Файруз анын күлкүсүнө эмне себеп болгонун айтып берген.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. АКШнын баш прокурорун сенат кызматка бекитип жатканда күлкүсүн тыя албаганы үчүн америкалык активист бир жылдан эки жылга чейин түрмөгө кесилип, 2 миң доллар айып тартышы мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости New York Times басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

61 жаштагы Дезири А.Файруз анын күлкүсүнө эмне себеп болгонун айтып берген.

"Республикачыл сенаторлордун бири Сешнс бардык адамдар мыйзам алдында бирдей деген идеяга сугарылган деп айтканын укканда күлбөй кое албадым", — деген активист аял.

АКШ президенти Дональд Трамп аялы Меланья жана баласы Бэррон менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамптын аялы менен баласы Ак үйгө жайында көчүп келет
Гезит аталган угууга катышып отурган дагы эки активист аялды ушундай тагдыр күтүп турушу мүмкүн экендигин жазды. Маалыматтарда экөө Ку-клукс-кландын капкара костюмун кийип алып, жыйын башталганга чейин ордунан туруп алышкан.

Анткен менен аялдар сенаттагы иш-чараны үзгүлтүккө учуратууга ниеттенбегендигин, болгону Сешнске нааразылык билдириш үчүн келгендиктерин айтышкан. Үч аял өздөрүн күнөөлүү деп эсептебей турганын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0