Окумуштуулар киши жини келгенде күчтүүрөөк болуп каларын божомолдошууда

Жазылуу
Алардын буга чейинки иликтөөлөрүндө урушкан кишилер ооруну тынч жүргөндөргө караганда жеңил көтөрөөрү анык болгон.

БИШКЕК, 6-май – Sputnik. Спортчулар рингге, таймашка чыгар алдында урушуп, жаалданып чыкса, кадимкидей кубаттуу болуп калышат деген пикирин британиялык медиктер айтып беришкен. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Мындай маалыматтар Улуу Британиянын Брайтон аймагында Психологдор коомунун жолугушуусунда айтылган.

Алардын буга чейинки иликтөөлөрүндө урушкан кишилер ооруну тынч жүргөндөргө караганда жеңил көтөрөөрү анык болгон.

"Кыязы, ачуулануу нерв системасынын жүрөккө жооп берген жерин козголтуп, кооптуу абал жаралганда тез-тез иштетип, дене бойду да кыймылга келтирет окшойт. Эгерде мындай болсо, урушуп жаткандар күчтүү болуп кетиши керек. Муну текшерип чыктык", — деген Кильск (Германия) университетинин өкүлү, окумуштуу Ричард Стивенс.

Алар отузга жакын адамды чогултуп, алардын чыдамдуулугун текшерип, велосипед тептирип, колдоруна эспандер беришкен.

Курт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар желим жеген көпөлөк курттун түрүн табышты
Ал эми элдин жарымын тесттин алдында бири-бири менен жаакташтырып, канын кайнатышкан. Көнүгүү учурунда алардын жүрөгүнүн согушун, нерв системасын текшеришкен.

Жыйынтыгында ачуулануу спортчуларды чын эле күчтүүрөөк кылып, башкаларга салыштырмалуу дем-күчүн 10 пайызга арбын иштетип, эспандер менен 20 пайызга катуураак машыгары аныкталган.

Окумуштуулар буларды бири-бирине катар кое келгенде, эч кандай айырмачылыкты тапкан эмес.

Илимпоздор эми баштапкы пикирлери табышмак бойдон калганын, эми муну тереңирээк иликтөө зарылдыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0