Венецияда шаурмага каршы күрөш башталды

Жазылуу
Шаурма саткан жаңы жайларды ачууга тыюу салган мыйзам шаардын маданий мурасын сактоого багытталган.

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Венеция бийлиги шаурма саткан жаңы жайларды ачууга тыюу салып, пиццаны бөлүп саткан дүкөндөрдүн санын азайтты. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазып чыккан.

Шаурма саткан жаңы жайларды ачууга тыюу салган мыйзам шаардын маданий мурасын сактоого багытталган.

"Биз бул ишмердүүлүктү Венециянын маданий мурасын сактоого дал келбегендиги үчүн чектеп жатабыз", — деди шаардык туризм департаментинин башчысы Паола Мар.

Ар жылы Венеция миллиондогон туристтерди кабыл алат. Мындан улам бийлик Венециянын өзгөчөлүгүн сактап калыш үчүн ар түрдүү чараларды көрүп турат. Буга чейин тез татымга Веронада жана Флоренцияда чектөө киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0