Франциядагы президенттик шайлоодо 101 жаштагы кемпир өмүрүндөгү 17-добушун берди

© Sputnik / Ирина Калашникова / Медиабанкка өтүүПервый тур президентских выборов во Франции
Первый тур президентских выборов во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Францияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп жатат.

БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Франциялык 101 жаштагы Женевьева Кальро 17-ирет президенттик шайлоого катышып, добуш берип жатат. Бул тууралуу РИА Новости RTL радиостанциясына шилтеме берүү менен жазды.

Кальро мунусунда шайлоо участкасына аялдардын укугу үчүн келерин белгиледи.

"Өмүр бою аялдардын укугун коргоо боюнча күрөшүп келем. 1945-жылы, 29 жашымда алгачкы жолу шайлоого катышкам. Анда аялдарга добуш берүү укугу жаңыдан берилип, биз үчүн чоң жеишкендик болгон", — деди улгайган шайлоочу.

Женевьева Кальро президент Раймон Пуанкаренин убагында туулган (1913–1920).

Бүгүн Францияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп жатат. Өлкө башчылыгына мурдагы экономика министри Эммануэль Макрон жана "Улуттук фронт" партиясынан Марин Лен Пен ат салышууда. Биринчи турда Макрон 24,01, Ле Пен — 21,3 пайыз добуш алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0