Түркияда 15 метр бийиктикке көтөрүлгөн аттракцион жерге жетпей үзүлүп кетти

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПарк аттракционов "Диво-Остров" в Санкт-Петербурге
Парк аттракционов Диво-Остров в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Конья шаарындагы оюн-зоок паркында болгон.

БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Түркиянын Конья шаарындагы оюн-зоок паркындагы аттракциондун тросу үзүлүп, анда отурган адамдар жабыркады. Бул тууралуу Sputnik Түркия https://tr.sputniknews.com/turkiye/201705071028370229-lunapark-asansor-kaza-konya/ маалымат агенттиги жазды.

Аттракцион адамдарды 15 метр бийиктикке көтөрүп, кайра түшүп келе жатканда жерге эки метр жетпей трос үзүлүп кеткен. Анда отурган 17 кишинин 10у түрдүү жаракаттарды алып, арасында төртөө белин кокустаткан. Окуя жергиликтүү убакыт боюнча кечээ саат 19:00дөр чамасында болгон.

Учурда окуянын чоо-жайын полиция иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0