Канаданын аэропортунун шыбынан баш баккан енот жүргүнчүлөрдү элжиретти

© AFP / SVEN HOPPE / DPAТерритория парка дикой природы Schwarze Berge в Гамбурге
Территория парка дикой природы Schwarze Berge в Гамбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба майдандагы жүргүнчүлөр шыптан баш баккан енотко элжирөө менен карап салам беришкен.

БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Канаданын Торонто шаарында ички каттамдарды тейлеген аэропорттун шыбына жайгашып алган енот жүргүнчүлөрдү "тосуп" алып жатканын РИА Новости канадалык CBC News порталына шилтеме берүү менен жазды.

​Аба майдандагы жүргүнчүлөр шыптан баш баккан енотко элжирөө менен карап салам беришкен.

​Видеонун автору соңку убактарда Торонтодогу жашоочуларга еноттор уйку бербей жатканын айткан.

"Алар бардык жерди басып, тамак-аштарды жеп жатышат. Түн ичинде үн салган кыйкырыктары шаардыктардын тынчын алууда. Эми минтип өлкөнүн ар тарабынан келген жүргүнчүлөргө "расмий элчи" боло баштады", — деп жазган.

Ошондой эле Кэмерон Грэм аттуу социалдык тармактын колодонуучусу да еноттун видеосун жүктөп "ал атайын формачан түшүп келип, жүктөрүңүздү көтөрүүгө жардамдашайынбы деп сурарын күтүп калдык эле" деп тамашалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0