Москва: Жеңиш парадында Кызыл Аянттан 72 аба техникасы учуп өтөт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүГенеральная репетиция военного парада, посвящённого 72-й годовщине Победы в ВОВ
Генеральная репетиция военного парада, посвящённого 72-й годовщине Победы в ВОВ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абада сап болуп тизилип өтө турган учактардын, тик учактардын ар бир кыймылы такталып, алдын ала бир нече ирет текшерилип, анан бекитилген.

БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Жеңиш майрамынын 72 жылдыгына карата Москвада, кызыл Аянтта өтүүчү парадда 72 учак жана тик учак асмандан учуп өтөт. Бул туурасында РИА Новости РФтин Аба космикалык күчтөрүнүн башкы командачысы Виктор Бондарев билдирди.

Жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Жеңиш күнүнө карата митинг өттү
Бул күнү "Русские витязи" авиатобу Су-30СМ учагы менен өтөт.

Бондарев Аба космикалык күчтөр бул парадга жарым жылдан бери даярданып жаткандыгын айтып, Кызыл Аянттын үстүнөн кантип 72 аскердик аба техникаларынын учуп өтүүсү майда-чүйдөсүнө чейин талкуулангандыгын кошумчалады.

"Техникаларды январдан тарта, ал эми экипажды болжол менен 2-2,5 айдан бери даярдап жатабыз. Абада сап болуп тизилип уча турган учактар, тик учактардын ар бир кыймылы такталып, министрлик тарабынан бекитилген. Биз асмандан көрө турган техникалар бирөөнүн фантазиясы эмес, министрдин буйругу", — деп айткан ал.

Бондарев Жеңишке 72 жыл болгондуктан, асмандан да дал ушунча учак, тик учактарды алып өтүү планы бекитилгендигин айтты. Асмандан аларды кошумча турган борттор ар кандай кырдаал болуп кетпеш үчүн аныкталган чекитине чейин коштоп барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0