Трамп күтүсүз жерден ФБРдин директорун иштен алды

© REUTERS / Kevin LamarqueДиректор ФБР Джеймс Коми
Директор ФБР Джеймс Коми - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трампын мындай чечими оппозициячыл демократтардын нааразычылыгын жаратты.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп шейшемби күнү ФБРдин директору Жеймс Комини "милдетин так аткарган эмес" деген кине менен кызматтан алды. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.

АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Трамптын саясаты дүйнө коопсуздугуна кандай таасир этет. Европалыктардын пикири
Трамптын күтүсүз жерден кабыл алган чечими оппозициячыл демократтардын нааразычылыгын жараткан.

Коми Трамптын кызматкерлерине каршы туруп Ак үй да, Кремль да төгүндөп келген "Россия менен байланыштуу" иштерди иликтеп жаткан. Ошондой эле Хиллари Клинтон да 2016-жылы өткөн президенттик шайлоодо өзүнүн жеңилип калуусуна Коминин тиешеси болгон деп айыптап келет.

Жеймс Коми 2013-жылы Обаманын бийлиги учурунда ФБРдин директору болуп 10 жылдык мөөнөткө дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0