"Евровидение — 2017" сынагында португалиялык Сальвадор Собрал жеңишке жетти

© REUTERS / GLEB GARANICHЕвровидение — 2017 сынагын жеңүүчүсү португалиялык Сальвадор Собрал
Евровидение — 2017 сынагын жеңүүчүсү португалиялык Сальвадор Собрал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-майда башталган конкурс 13-майда жыйынтыкталды. Быйыл конкурска 42 мамлекет катышкан.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Украинанын Киев шаарында өткөн Евровидение — 2017 сынагын португалиялык Сальвадор Собрал Amar Pelos Dois (Сүйүү экөөбүзгө тең жетет) чыгармасын аткаруу менен жеңүүчү аталды.

Калыстардын жана күйөрмандардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен жалпысынан Сальвадор Собрал 758 добуш алган. Ал Киевге ыр конкурсунун ачылышы болгон күнү 7-майда гана келген. Бала кезинен жүрөк кемтиги оорусу менен ооругандыктан репитицияларга катыша алган эмес. Айрым ЖМКлардын жазышынча 27 жаштагы ырчы жыл аягына чейин донор табышы керек.

Дүйнөгө Кончита Вурст деген ат менен таанымал, австриялык ырчы Томас Нойвирт - Sputnik Кыргызстан
Кончита Вурст аялдын образынан арылат
Сынакта экинчи жана үчүнчү орундарды Болгария (615 упай) менен Молдова (374 упай) алды.

Эл аралык ыр конкурсуна быйыл 42 мамлекеттен өкүлдөр катышкан. Финалга Молдавия, Азербайжан, Греция, Швеция, Португалия, Польша, Армения, Австралия, Кипр, Бельгия, Болгария, Белоруссия, Хорватия, Венгрия, Дания, Израиль, Румыния, Норвегия, Нидерланды жана Австрия чыккан. Андан сырткары, финалга конкурсту негиздеген беш мамлекеттен — Улуу Британия, Италия, Испания, Франция жана Германиянын өкүлдөрү дагы чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0