АКШнын демократтары Трампка карата териштирүү жүргүзүүнү талап кылууда

© AFP / SAUL LOEBАКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү
АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Hill басылмасынын маалыматы боюнча эки комитеттин 33 демократ мүчөсү кайрылуу кагазына кол коюшкан.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. АКШнын конгрессинин мамлекеттик реформа жана көзөмөл комитети менен сенаттын юридикалык комитетине кирген демократтар президент Дональд Трамп, юстиция министри Джефф Сешнс жана Ак үйдөгү жогорку даражадагы аткаминерлерге карата териштирүү жүргүзүүнү талап кылууда. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.

Hill басылмасынын маалыматы боюнча эки комитеттин 33 демократ мүчөсү кайрылуу кагазына кол коюшкан.

"Дональд Трамп менен анын айланасындагы мансаптуу чиновниктер ФБРдин иликтөөсүнө бут тосуп жатышы ыктымал деген маалыматты мамлекеттик реформа жана көзөмөл комитети менен юридикалык комитет иликтөөгө алуусун суранабыз. Трамптын президенттик кампаниясы менен россиялык чиновниктер менен болгон мамилеси ачык иликтениши керек", — деп кайрылууда жазылган.

АКШ президенти Дональд Трамп аялы Меланья жана баласы Бэррон менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамптын аялы менен баласы Ак үйгө жайында көчүп келет
New York Times гезити Трамп ФБРдин мурдагы директору Жеймс Комиден президенттин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы жардамчысына карата ишти токтотууну суранганын жазган. Бирок муну Ак үй четке кагып келет.

Белгилей кетсек, Дональд Трамп өткөн жумада ФБРдин директору Жеймс Комини "милдетин так аткарган эмес" деген кине менен кызматтан алган.

Коми Трамптын кызматкерлерине каршы туруп Ак үй да, Кремль да төгүндөп келген "Россия менен байланыштуу" иштерди иликтеп жаткан. Ошондой эле Хиллари Клинтон да 2016-жылы өткөн президенттик шайлоодо өзүнүн жеңилип калуусуна Коминин тиешеси болгон деп айыптап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0