Бразилияда кан соргуч жарганаттардын элге кол салуусу көбөйдү

© AFP / RADEK MICAЖарганат. Архив
Жарганат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары токойлор көп кыйыла баштагандыктан, жарганаттардын көбү шаарды байырлай баштады.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бразилиядагы Сальвадор шаарында марттан тарта жарганаттар адамдарга 31 жолу кол салса, анын 17 жолкусунда макулуктун кан соргуч түрү экени байкалган. Бул туурасында Синьхуа агенттиги жазды. 

Саламаттык сактоо боюнча шаардык башкармалык буга чейин мындай көрүнүш көп кездешпегендигин белгиледи. Алардын айтымында, жарганаттар шаардын эски бөлүгүндөгү кароосуз калган имараттарды түнөк кылгандыктан, калаага көп кооптулук жаратчу эмес.

"Акыркы жылдары токойлор көп кыйыла баштагандыктан, жарганаттардын көбү шаарды байырлай баштады. Ал эми эски шаардагыларынын саны күн санап өсүп жатат", — деди аталган башкармалыктын өкүлү.

Бул түнкү макулуктар негизинен балдарга жана улгайгандарга кол салганы көп кездешүүдө.

Абалды жөнгө салуу үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0