Ирандагы президенттик шайлоодо Хасан Роухани жеңишке жетти

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүИрандын президенти Хасан Роуханинин архивдик сүрөтү
Ирандын президенти Хасан Роуханинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал шайлоочулардын 57 пайыз добушун алган.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ирандагы президенттик шайлоонун толук жайынтыгы чыгып, азыркы президент Хасан Роухани жеңишке жетишти. Бул тууралуу РИА Новости Ирандин ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазлиге таянуу менен жазып чыкты.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
КСДП президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөттү
Роухани президенттик шайлоодо шайлоочулардын 57 пайыз добуш алган.

Президенттик шайлоого төрт талапкер катышкан. Алар: учурдагы президент Хасан Роухани, аятолла Ибрахим Раиси, мурдагы вице-президент Мостафа Хашеми-Таба жана консерваторлордун атынан талапкер болгон Мостафа Ага-Мирсалим.

Иранда президенттик шайлоо 19-май күнү өткөн. Ал жакта президенттик шайлоо менен катар эле шаардык кеңешке жана парламентке дагы шайлоо болгон. Иранда 56 миллион кишинин добуш берүү укугу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0