Венесуэланын президенти Мадуро Мексиканы банкрот-мамлекет деп атады

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүВизит президента РФ В. Путина в Турцию
Визит президента РФ В. Путина в Турцию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Николас Мадуро Мексиканын бийлиги өз элин АКШнын басымынан коргоо үчүн эч кандай чараларды көрбөйт деп айтты.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Венесуэланын президенти Николас Мадуро Мексиканы банкрот-мамлекет деп атады. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги билдирди.

"Мексика зомбулуктун, тең укуксуздуктан жана наркотрафиктин айынан банкрот-мамлекетке айланды", — деген пикирин ал улуттук телеканалдын түз эфиринде айтты. Бирок, учурда Венесуэланын өзүндө коомдогу абал чыңалып, өкмөттүн саясатына карата массалык акциялар уюштурулуп, ал 45 кишинин өмүрүн алган.

Буга чейин Мексика Латын Америкасындагы бир катар мамлекеттер менен биргеликте Венесуэла бийлигин каршылык акциясына чыккандарга күч колдонгонун кескин сындаган болчу.

АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
АКШнын демократтары Трампка карата териштирүү жүргүзүүнү талап кылууда
Мадуронун айтымында, Мексиканын бийлиги өз элин АКШнын басымынан коргоо үчүн эч кандай чараларды көрбөйт.

"Трамп Мексикага бастырып кирип жатат, бирок Мексикада өз жарандарын коргоп алчу өкмөт жок", — деди Мадуро.

Ал ошондой эле АКШ президенти Дональд Трампты Венесуэланын ички ишине кийлигишпөөнү өтө орой формада талап кылганын РИА Новости агенттиги жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0