Россиянын Су-24 учагын атып түшүрүүгө шектелген жаран курал сактаганы үчүн кесилди

© Sputnik / Медиабанкка өтүүРоссиялык учкуч Олег Пешковду өлтүрүүгө шектелген Альпарслан Челик мыйзамсыз түрдө курал сактаганы үчүн Түркияда беш жылга кесилди
Россиялык учкуч Олег Пешковду өлтүрүүгө шектелген Альпарслан Челик мыйзамсыз түрдө курал сактаганы үчүн Түркияда беш жылга кесилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык Су-24 учагы Сириянын аймагынан түркиялык F-16 ракетасы менен ноябрь айында атып түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Россиялык учкуч Олег Пешковду өлтүрүүгө шектелген Альпарслан Челик мыйзамсыз түрдө курал сактаганы үчүн Түркияда беш жылга кесилди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

"Сот Челиктин Россиянын учкучу Пешковду өлтүрүүгө катыштыгы бар-жогун караган жок. Ага карата териштирүү иштери уланып жатат", — деп камалган жарандын жактоочусу билдирген.

Россиялык Су-24 учагы Сириянын аймагынан түркиялык F-16 ракетасы менен ноябрь айында атып түшүрүлгөн. Экипаждын командири менен штурманы учактан секирип чыгууга үлгүрүшкөн. Командир Олег Пешков согушкерлердин аткылоосунан абада эле өлтүрүлгөн, ал эми штурман Константин Мурахтин Россия жана Сирия аскерлери тарабынан куткарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0