Зимбабведе пилге ок аткан аңчы жаныбардын алдында калып көз жумду

© © Sputnik / Медиабанкка өтүүПил. Архив
Пил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ок тийген пил мергенчинин үстүнө кулаган.

БИШКЕК, 23-май. — Sputnik. Зимбабве өлкөсүндө кесипкөй аңчылар тобунун мүчөсү Теунис Бота пилдин алдында калып каза болду. Бул тууралуу РИА Новости The Telegraph басылмасына шилтеме жасап билдирди. 

Хищник схватил девочку и утащил в воду — видео очевидца - Sputnik Кыргызстан
Жырткычтын кызды сууга сүйрөп кеткен видеосу тарады
Маалыматка ылайык, мергенчилер саякаттап жүрүп капысынан пилдердин жоон тобуна кабылып калган. Жаныбарлардын кол салуусунан коргонуу үчүн Бота аларга карай ок чыгаргандан кийин бир пил аны тумшугу менен ороп алган. Кесиптешин куткарып калууну каалаган калган мергенчилер да пилдерге ок ата баштаган.

Жыйынтыгында жарат калган жаныбар мергенчинин үстүнө кулап өлгөн.

Буга чейин аталган кесипкөй аңчылардын тобунун бир мүчөсү да мергенчилик кылып жатып каза болгон. Жергиликтүү укук коргоо органдары кийин ал аллигаторго жем болгонун аныкташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0