Голливуд актеру Ыраакы Чыгыштан жер алып, спорт жайын курууга ниеттенүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековВизит актера и мастера боевых искусств Стивена Сигала в Кыргызстан
Визит актера и мастера боевых искусств Стивена Сигала в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сигалдын максаты — жер тилкесин алып, ал аймакка көп тармактуу спорт комплексин куруу экендиги жазылган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Голливуддун легендарлуу актеру Стивен Сигал Россиянын Ыраакы Чыгыш аймагынан жер алат. Бул туурасында Синьхуа Приморье крайынын администрациясынын маалымат кызматына шилтеме кылып кабарлады.

Америкалык актер жана продюсер Стивен Сигалдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Голливуд актеру Стивен Сигал Россия жарандыгын алды
Сайт "Россия 1" телеканалынын долбоорлорунун биринде бул туурасында кеңири маалымдалары айтылган. Анда жер тилкесин тандоодон тарта аны документтештирүү баяндалмакчы.

Сигалдын максаты — жер тилкесин алып, ал аймакка көп тармактуу спорт комплексин куруу экендиги жазылган. Актер аталган жайда спортчулардын катышуусу менен мастер-класстарды өткөрүүгө ниеттенип жатыптыр.

Приморье аймагынан "Ыраакы чыгыш гектарын" алууга буга чейин 35,5 арыз берилсе, анын 2,9 миңи канааттандырылганы аталган маалыматта жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0