Сальвадор: киши өлтүргөн жети кылмышкердин ар бири 400 жылдан жаза алды

© Sputnik / Мария Плотникова / Медиабанкка өтүүСальвадор полиция кызматкерлери. Архив
Сальвадор полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талоончулардын кылмыштуу ишке даярдык көрүп жатканын көрүп калган компаниянын 11 кызматкеринин жаны кыйылган.

БИШКЕК, 25-май – Sputnik. Сальвадор соту электр компаниясынын кызматкерлерин массалык өлтүргөндүгү үчүн жети кишинин ар бирин 390 жылга кести. Бул туурасында РИА Новости Salvador Times порталына шилтеме кылып кабарлады.

Адам өмүрүн кыюу 2016-жылдын март айында Ла-Либертад деп аталган аймакта болгон. Анда талоончулардын кылмыштуу ишке даярдык көрүп жатканына капыстан күбө болуп калган компаниянын 11 кызматкеринин жаны ошол жерден кыйылган.

Жыйынтыгында ар бир кылмышкерге 35тен бүтүм чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0