Интернетке iPhone 8дин видеосу жарыяланып кетти

© REUTERS / BECK DIEFENBACHЖаңы iPhone смартфонунун презентациясы. Архив
Жаңы iPhone смартфонунун презентациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодон жакында чыга турчу телефондун сырткы көрүнүшүн даана көрүүгө болот.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Интернетке жаңы iPhone 8дин видеосу жарыяланып кеткенин Business Insider басылмасы жазып чыкты.

Эч кимге белгисиз болгон жаңы телефондун видеосун латвиялык блоггер Вениамин Гескин өзүнүн Twitter социалдык тармагындагы баракчасына чыгарды. Гескин буга чейин да бир катар компаниянын жашыруун нерселерин жарыялап келгени менен белгилүү.

​Видеодогу кадрларга караганда, жаңы телефондун арты дагы айнектен жасалган. Ал эми негизги камерасы туурасынан эмес, тик түрдө жайгашкан.

Гескин видеодогу телефон макет эмес, телефон заводдо акыркы үлгү катары жасалганын жазган. Business Insider басылмасы жаңы чыккан видео буга чейин телефон тууралуу тарап кеткен маалыматтарды тастыктаганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0