Хакерлер компьютерлерди видеороликтин жардамы менен талкалап кирип жатышат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүИнформационные технологии
Информационные технологии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кооптуулукка компьютерлер гана эмес, смартфондор жана "акылдуу" деп аталып келген телевизорлор да тушугат экен.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Хакерлер миллиондогон колдонуучулардын компьютерлерин видеоплеердин жардамы менен талкалап кириши мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости Check Point компаниясынын сайтындагы маалыматка таянып жазды.

Компьютерде иштеп жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жарандардан кат кабыл алган өкмөттүн сайты иштен чыкты
Сheck Point компаниясынын айтымында, хакерлер субтитрлүү вирустук файлдарды түзүп жатышат. Анын жардамы менен эч нерседен шек санабаган колдонуучу видеоплеерди кино көрүш үчүн компьютерине жүктөп алат да, алдамчыларга анын ичиндеги маалыматтарды алууга жардамчы болот. Зыянкеч программа орнотулгандан соң DoS-чабуулдарды жасоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берери маалыматта айтылат.

"Мындай ыкма өзгөчө кооптуу болот, себеби колдонуучулар да, антивирустук программалар да субтитрлүү файлдарды коркунучтуу вирус катары тааныбайт", — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Кооптуулукка компьютерлер гана эмес, смартфондор жана "акылдуу" деп аталып келген телевизорлор да тушугат экен.

Банкоматтын жанында турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кантта банкоматты талкалаган чет өлкөлүккө жазаны күчөтүү талап кылынууда
Учурда Сheck Point компаниясынын адистери белгилүү болуп калган VLC, Kodi, PopcornTime жана Stremio деп аталган түз эфирди камсыздаган платформалардын аялуу экендигин билдирди. Бул алар вируска көбүрөөк кабылышы мүмкүн деген түшүнүк. Сheck Point берген балоолорунда жогоруда айтылган чабуулдар компьютерди колдонгон бир нече миңдеген адамдарга кооптуулук жаратышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0