Ооз ачпай ырдаган кыз АКШдагы таланттар сынагынын калыстарын таң калтырды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с видеохостинга Youtube канала America's Got Talent. Дарси Линн Фармер из Оклахомы
Снимок с видеохостинга Youtube канала America's Got Talent. Дарси Линн Фармер из Оклахомы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш өнөрпоз уялчаактыктан арылуу үчүн эки жыл бою машыккан.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. АКШдагы Got Talent деп аталган өнөрлүүлөр сынагында 12 жаштагы кыз калыстардын айран-таң калтырганын Sputnik Казакстан Daily Mail агенттигине таянуу менен билдирди. 

Оклахомалык Дарси Линн Фармер Петуния аттуу оюнчук коенеги менен Элла Фицджеральд менен Луи Армстронгдун Summertime ырын аткарып берген. Тестиер кыз уялчаактыгынан арылыш үчүн оозун ачпай ырдоого машыга баштаган.

Окуучу кыздын бул өнөрү калыстарды аябай таң калтырган.

"Көп ийгиликтерди багынтарыңа, жашооңду ушу таптан өзгөрткөнүңө ишенем", — деди калыстардын бири, белгилүү комик Хоуи Мэндел.

Аталган шоу — 1 миллион долларлык байге фондусу менен өтүп жаткан NBC телеканалындагы долбоор.

Жаңылыктар түрмөгү
0