Түркия Гүлен жана депутаттарды кошкондо 130 кишини жарандыктан ажыратарын айтты

© AP Photo / Selahattin SeviТүркиялык динаятчы Фетхуллах Гүлендин архивдик сүрөтү
Түркиялык динаятчы Фетхуллах Гүлендин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк бийлиги аларга азырынча үч ай мөөнөт берерин билдирген.

БИШКЕК, 6-июн. – Sputnik. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө жүргөн 130 киши жарандыктан ажырай тургандыгын билдирди. Алардын ичинде динаятчы Фетхуллах Гүлен да бар. Бул туурасында РИА Новости Resmi gazete басылмасына таянып жазды. 

Аны менен кошо эле күрддөргө ыктаган Элдик демократиялык партиянын эки депутаты жарандыгынан ажырай тургандыгы кабарланды.

"Төмөнкү тизмедегилер чет өлкөдө жүрүшөт жана сот алар боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Эгерде бул чечим чыккандан соң үч ай ичинде Түркияга келип, расмий органдарга кайрылбаса, Кылмыш кодекси боюнча алар жарандыгынан ажыратылат", — деп ТИМдин маалыматында жазылганын Resmi gazete кабарлады.

Америка президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Флинн түрк бийлиги үчүн Фетхуллах Гүлен жөнүндө маалымат чогулткан
Тизмеде Гүлендин, андан сырткары, Элдик демократиялык партиянын эки өкүлү — Файзал Сарыйылдыз менен Тугбы Хезер аттуу депутаттардын фамилиясы жүрөт.

2016-жылдын 16-июлунда көтөрүлүшчүлөр Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги каршылыктар Анкара жана Стамбул шаарларында болгон. Көтөрүлүш токтотулганы менен 240 түрк жараны каза таап, 2 миңден ашык адам жаракат алган.

Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине Гүленди күнөөлөп, АКШдан аны экстрадиция кылууну суранган. Ал эми диний аалым өзү көтөрүлүштү сынга алып, ага тиешеси жок экендигин айтып чыккан.

АКШда жашап жаткан Гүленди кайтарып берүү боюнча Түркиянын суроосун Америка аткара элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0