Голландияда орозо кармаган мусулмандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү

© REUTERS / Danish IsmailСвященный месяц Рамазан в Сринагаре
Священный месяц Рамазан в Сринагаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарнама такталары Амстердам менен Роттердам шаарларынын автобус жана трамвай аялдамаларына коюлган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Голландияда орозо кармаган мусулмандардын ыңгайлуулугу үчүн Etcetera агенттиги Halal Fried Chicken тез татымды жарнамалаган билборд иштеп чыкты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги DutchNews.nl сайтына таянуу менен билдирди.

Жаңы билборд жарнамаларды күн баткандан кийин гана көрсөтө баштайт. Мындай такталар Амстердам менен Роттердам шаарларынын автобус жана трамвай аялдамаларына коюлган.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2017-жылдын орозо календарынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0