Британиялык миллионерди өз ити трактор менен тебелетип өлтүрдү

© AFP / JOHN THYS Сельское хозяйство в Амстердаме
Сельское хозяйство в Амстердаме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтоп турган трактордун ичине ит секирип киргенде техника от алып кетип, Мидди тебелеп кеткен. Жабырлануучу дарыгерлер келгенден кийин каза болгону айтылууда.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Британияда ит трактор менен өзүнүн мультимиллионер кожоюнун тебелеп кеткендиги тууралуу The Telegraph жазды.

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда фура оодарылып калган - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Ата районунда фура оодарылып калды. Күбөнүн видеосу
70 жаштагы Дерек Мид кыймылсыз мүлк жана сүт азыктарын өндүрүү жаатында ишкерлик кылып, мамлекеттин саясий жашоосуна дагы активдүү аралашып жүрчү.

Өткөн жекшемби күнү ал Түндүк Сомерсет графтыгындагы фермасында жүргөн. Токтоп турган трактордун ичине ит секирип киргенде техника от алып кетип, Мидди тебелеп кеткен. Жабырлануучу дарыгерлер келгенден кийин каза болгону айтылууда.

Маалыматка караганда, миллионердин терьер породасындагы бир нече ити болгон. Мид бул жаныбарларды өзгөчө жакшы көрүп, иттер менен көп сейилдечү экен. Кожоюнун кайсы ити өлтүргөндүгү тууралуу айтылган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0