Катардын тышкы иштер министринин бул аптада Москвага барары айтылууда

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЗдание МИД РФ
Здание МИД РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФ президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Катар министри менен президент жолукпай тургандыгын билдирди.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Катардын тышкы иштер министри Мухаммед Бен Абдель Рахман Бен Жасем Аль Танинин бул аптада Москвада иш сапар менен келип, Сергей Лавров менен жолугушары айтылууда. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

"Сүйлөшүүлөр ишемби күнү болот", — деп билдирген агенттикке тышкы иштер боюнча ведомствонун өкүлү.

Бир аз убакыттан кийин РФ президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Катар министри менен президент жолукпай тургандыгын билдирди.

Заседание Совета министров иностранных дел СНГ в узком составе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Катар өлкөсүнүн айланасындагы жагдай боюнча үн катты
Министр Аль Танинин иш сапары Катардын башка өлкөлөр менен дипломатиялык чырынын айдыңында болуп жатат. Дүйшөмбү күнү Сауд Аравиясы, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирлиги жана Египет бул мамлекет менен дипломатиялык алака-катнашты үзө тургандыгын билдирген. Коңшулары Катар "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" террордук топторун колдоп, араб өлкөлөрүнүн ички чарбасына кийлигишет деп кине койгон. Бир аздан кийин аларга Ливия, Йемен, Мальдив, Мавритания жана Комор аралдары кошулган.

Мындан тышкары, Сауд Аравия башында турган Араб коалициясы Доханын Йемен операциясына катышуусуна бөгөт койгон.

Кыргызстан аталган аймактагы булуң боюндагы өлкөлөрү менен болгон достук мамилени сактоого, аймакта тынчтыктын өкүм сүрүүсүнө кызыкдар экенин айткан.

Ал эми Россиянын ТИМи араб дүйнөсүндө мамлекеттердин бул кайым айтышуусу террорчуларга жакшы шарт түзүп берет деген пикирин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0