1-июлдан тарта миллиондогон колдонуучулардын Skype түйүнү өчүрүлөт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүПрограмма Skype
Программа Skype - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул тармакта отурган колдонуучулар түйүнүнүн операциялык түзүмүн жаңылаш керек же телефонун алмаштырууга туура келет.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Microsoft компаниясы билдиргендей, келерки айдын башынан тарта Skype мессенжери Windows Phone 8 и 8.1 телефондорунда, Windows RT планшетинде жана Smart TV телевизорлорунда иштебей калат. Бул тууралуу Windows Central маалымат сайты кабарлады.

"Windows Phone 8, Windows Phone 8.1, Windows RT, TV телевизор жана телефондорунан Skype түйүнүн өчүргөнү жатабыз. Ошондуктан 2017-жылдын 1-июлунан тарта миллиондогон колдонуучу аталган интернет түйүнүнө кире албай калат", — деп жазылат маалыматта.

​Мындан улам, Skype мессенжеринин иштеп чыгуучулары телефонун алмаштырууну же операциялык түзүмүн жаңыртууну сунушташууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0