Австралия менен футболдук беттешке чыккан Сауд Аравиянын курама командасы

Араб футболчулары Лондон терактысынан улам жарыялаган аза мүнөтүнөн баш тартты

457
(жаңыланган 11:04 09.06.2017)
Квалификациалык турнир Австралиянын Аделаида стадионунда өткөн.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Австралия менен футболдук беттешке чыккан Сауд Аравиянын курама командасы оюндун алдында Лондондогу терактыдан улам каза тапкандарга жарыяланган аза мүнөтүнөн баш тартты. Бул тууралуу Daily Telegraph басылмасы билдирди.

Квалификациалык турнир Австралиянын Аделаида стадионунда өткөн. Оюндун алдында аза күтүү мүнөтү жарыяланып, австралиялык футболчулар стадиондун борборуна тизилип, көрүүчүлөр да ордунан турушкан. Бирок араб спортчулары ага көңүл бурбай оюн талаасында машыгуусун уланта берген. Ал эле эмес, ары жактагы мышыктыруучулар жана запастагы оюнчулар да аза мүнөтүн күткөн эмес.

Жыйынтыгында оюн 3:2 эсеби менен авcтралиялыктардын пайдасына чечилген. Бул оюндар дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун алкагында өтүп жаткан.

Белгилей кетсек, Лондон шаарында 4-июнга караган түнү жасалган эки терактыдан жети адам каза таап, 30га жакыны ооруканага түштү. Лондондогу көпүрөдө жүргөндөрдү кичи автобус тебелетип кетсе, ал эми Боро деп аталган базардын жанындагы адамдар бычак жеген.

457
Белгилер:
аза күтүү мүнөтү, оюн, футбол
Тема:
Лондондо 4-июнда болгон кош теракт (7)
Тема боюнча
Терактынын күбөсү Лондондогу кандуу бычактоо кандай болгонун айтып берди
Лондондо жашаган кыргызстандыктар: терактыдан кийин 5-6 саат кафеден чыкпай отурдук
Президент Атамбаев Лондондогу терактыдан улам өлкө жетекчилигине көңүл айтты
Тыгында турган унаалар. Архив

Жолдогу "кыйындар" менен кантип сүйлөшүү керек. Айдоочуларга кеңеш

94
Адистин айтымында, көпчүлүк учурда өзү ката кетирип алган адам чыр чыгарганга аракет кылат. Мында жол эрежесин бузуу фактысы экинчи планга өтүп кетип, айдоочулар өз ара "ким кыйын экенин" далилдөөгө аракет кыла башташат.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жайдын күнү көпчүлүк автоунаасын айдап чыгып, мындан улам жолдо пикир келишпестиктер дагы арбыйт. Мындай кырдаалдан баш оорутпай чыгып кетүү жолдорун Sputnik радиосунун эфиринде автоюрист Сергей Радько айтып берди.

"Жайында көпчүлүк эс алууга, конокторго, башка шаарларга каттап, жолдо кыймыл көбөйөт, жол тыгыны пайда болот. Мындайда кыжырланган айдоочулар тормозду чукул тээп, башкалардын жолун кесип же себепсиз сигнал баскылай башташат. Мындан улам пикир келишпестиктер жаралат. Адатта мындай учурда эки тарап тең күнөөлүү. Андыктан эч качан паникага алдырбаш керек", — деди юрист.

Адистин айтымында, көпчүлүк учурда өзү ката кетирип алган адам чыр чыгарганга аракет кылат.

"Туура эмес бурулганы же дагы башка катасы байкалбай калыш үчүн көпчүлүк учурда күнөөкөр тарап чыр чыгарат. Мында жол эрежесин бузуу фактысы экинчи планга өтүп кетип, айдоочулар өз ара "ким кыйын экенин" далилдөөгө аракет кыла башташат. Ошол себептүү жолдо ар дайым эмоцияны, шашмалыкты токтотуп, акыл менен иш кылуу керек. Жолдогу конфликт адатта өтө көп убакытты, каражатты жана нервди алат", — деди Радько.

Сөзүнүн аягында юрист жолдогу "башкалардын ою менен эсептешпеген айдоочуга" сөз коротуп, айтышып отурбай, туура эмес кылган учурда сигналды басып коюу эле жетиштүү экенин кошумчалады.

94
Белгилер:
кеңеш, юрист, конфликт, айдоочу, жол, автоунаа
Тема боюнча
Айып пулду 70 пайызга азайтуу. ЖК комитети мыйзамга кирген өзгөртүүнү жактырды
Мас болуп унаа айдагандарды күбөлүгүнөн ажыратуу мыйзам долбоору даярдалууда
Спутник-V вакцинасы. Архив

"Спутник V" менен эмделүүгө болбой турган дарттардын тизмеси

291
(жаңыланган 15:54 19.06.2021)
Вакцина жасалган изилдөө борборунун жетекчиси онкологиялык оорулар иммунизация үчүн каршы тоскоолдук жаратчу көрсөткүч болбошу керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жүрөк-кан тамыр оорулары, бронхиалдык астма, С гепатити, ремиссия стадиясында турган онкологиялык илдет менен жабыркаган адамдар коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын сайдыра алат. Ал эми бөрү жатыш, конъюнктивит менен жабыркагандар, ошондой эле кайсы бир илдет курчуп турган учурунда препаратты сайдырбай туруу керек. Бул тууралуу Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбург айтканын РИА Новости жазды.

"Жүрөгү ооругандар биринчи кезекте эмделиши керек, анткени алар тобокелдик тобунда. Кардиологго эмес, түз эле вакцина алууга баруу зарыл", — деди Гинцбург.

Ал ошондой эле бронхиалдык астма, С гепатити жана жайлап калган онкологиялык дарттар вакцинадан баш тартууга негиз болбошу керектигин белгилеген. Бирок кандай гана оору болбосун курч стадиясында болсо, албетте, эмделбей туруу оң.

"Онкологиялык оору иммунизацияга тоскоолдук болбошу керек. Цитостатиктин негизинде химиотерапия алып жаткан бейтап үчүн деле вакцинанын зыяны жок, бирок тийиштүү натыйжага жетишүү мүмкүн эмес, башкача айтканда, антитело пайда болбойт", — деди илимпоз.

Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын август айында "Спутник V" вакцинасын каттаган. COVID-19га каршы бул препаратты Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунун окумуштуулары ойлоп тапкан.

"Спутник V" адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн. Эки ирет эмдөөдө ар кыл эки вектор колдонулуп, ал узак мөөнөттүү иммунитетти берет. Ошондой эле Россияда "ЭпиВакКорона", "КовиВак" жана "Спутник Лайт" вакциналары бар.

291
Белгилер:
ден соолук, зыян, эмдөө, жүрөк, онкология, оору, вакцина
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
Кыргызстанда 92 миңден ашуун адам коронавируска каршы вакцина алды
Бишкектеги түнкү жарыш. Архивдик сүрөт

Бишкекте түнкү жарыш старт алды. Сүрөт

0
(жаңыланган 22:29 19.06.2021)
Башында мелдеште 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды.

  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Башында 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Мелдешти Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 4
© Sputnik / Эркин Садыков
Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды

Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт.

Башында 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен.

Мелдешти Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда. Баш калаада жарыш үчүнчү ирет өтүүдө.

Белгилей кетчү жагдай, быйылкы жарышта катышуучулардан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кара-Балтадагы Улуттук Кызыл Ай коомунун балдар кризистик борборуна берилет. Аталган жайда эки жаштан 18 жашка чейинки 25 бала жашайт. Алар жетим балдар, мигранттардын балдары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болуп саналат.

Спорттук иш-чарада каалоочулар футболка, рюкзак сатып алып же диагностикадан өтүп балдар борборуна жардам бере алышат.

0
Белгилер:
спорт, жарыш, Бишкек
Тема боюнча
Көпкө күттүргөн жарыш. "Жаз деми" марафонунан видео