Сауд Аравияда "Барселонанын" футболкасын кийгендер кесилип кетиши мүмкүн

© AFP / KARIM JAAFAR"Барселона" футбол клубунун оюнчулары. Архив
Барселона футбол клубунун оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анткени Qatar Airways Катардын авиакомпаниясына таандык эмблема болгон.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Сауд Аравияда испаниялык "Барселона" клубунун күйөрмандары Qatar Airways деген жазуусу бар футболкаларды кийгени үчүн түрмөгө кесилип кетиши мүмкүн экендигин The Daily Mail басылмасы жазды. 

Буга Qatar Airways белгисинин Катардын авиакомпаниясына таандык эмблема экени себеп болууда. Жаңыэрежеге баш ийбегендер 135 миң доллар өлчөмүндөгү айыпка жыгылып же 15 жылга эркинен ажыратылат. Буга эки өлкө ортосундагы дипломатикалык алакалардын токтогону негизги себеп болгон.

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар Бишкектен Катарга кантип учарын ТИМ түшүндүрүп берди
Эскерте кетсек, 5-июнда Сауд Аравиясы, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирлиги жана Египет бул мамлекет менен дипломатиялык алака-катнашты үзө тургандыгын билдирген. Коңшулар Катарга "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" террордук топторун колдоп, араб өлкөлөрүнүн ички чарбасына кийлигишет деп кине койгон. Бир аздан кийин аларга Ливия, Йемен өлкөлөрү менен Мальдив, Мавритания жана Комор аралдары кошулган.

Qatar Airways төрт жылдан бери "Барселона" футбол командасына демөөрчүлүк кылып келген. Ушул жылдын 30-июнунан тарта түзүлгөн келишим соңуна чыгат. Андан ары аталган клубга Япониянын бирден-бир ири онлайн соода жүгүртүү аянтчасы болгон Rakuten компаниясы демөөрчүлүк кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0