БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. АКШга террорчулар Россиядагы саясий кырдаалды чыңалтуу үчүн керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин режиссер Оливер Стоунга интервью берип жатып билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.
Өлкө башчынын айтымында, Чеченстан менен Түндүк Кавказда конфликтилер башталганда америкалыктар террорчуларды колдоого алган.
"Кансыз согуш артта калды. Биздин Европа, АКШ, жалпы дүйнө эли менен мамилебиз жакшы. Андыктан биз алардын колдоосунан үмүт кылганбыз. Бирок анын ордуна америкалык атайын кызматтар террорчуларды колдоп жатышат. Биздин өнөктөштөрдүн кызматташуу боюнча айткандары сөз бойдон калып, чындыгында террорчуларды Россиядагы ички саясий абалды чыңалтуу үчүн колдонууда", — деди Путин.
"Биз ЦРУдан кат алганбыз. Ал жакта биздин кесиптештер Россиядагы оппозиция өкүлдөрүн колдоого укугу бар экенин, мындан ары да мамилесин улантарын айтышкан. Ошондо сөз жөн гана оппозиция өкүлдөрү жөнүндө эмес, террордук уюмдар тууралуу болуп жатканы түшүнүктүү болгон. Алар террордук уюмдарды оппозиция катары көрсөтүмүш болуп жатышат", — деди президент.
Эске сала кетсек, белгилүү режиссер Оливер Стоун Россия президенти Владимир Путин тууралуу "Путин менен интервью" деген тасма тартып, фильм Россияда 12-15-июнь күндөрү тартууланмакчы.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Москвадан 9-май күнү Беларусь президенти Александр Лукашенкону жок кылып, өлкөдө аскердик төңкөрүш жасоого камданып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ФСБнын коомдук байланыш борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматта колго түшүрүлгөндөр Беларусь менен Россиянын жарандыгын алган Юрий Зенкович менен беларусиялык Флександр Федута аттуу адамдар экени айтылат.
Россиянын атайын кызматы коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барган.
"Беларустук кесиптештердин берген маалыматы боюнча, Зенкович менен Федута мессенжерлердин биринде аскердик төңкөрүштүн планын талкуулап, Москвада оппозициялык маанайдагы генералдар менен жолугууну көздөгөн", — деп айтылат кабарда.Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан. Түзүлгөн план боюнча радио жана теле борборлорду басып алып, ички аскер бөлүктөрүнүн жолун тосуу каралган. Күч структураларынын ишин токтотуу үчүн электр энергияны өчүрүү даярдалганы маалым болду.
Натыйжада конституциялык түзүлүш өзгөрүп, бийлик "Улуттук элдешүү комитетине" өтмөк.
Зенкович менен Федутага карата Беларустун тергөө органдары 357-беренесинин ("Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу") негизинде иш алып барууда.
Соңку күндөрү түндүк атлантикалык альянс Чыгыш Европада кескин түрдө активдешти. Бул Киев тарабынан Донбасска чектешкен жерге аскердик бөлүк жана техниканы алпарууга, ошондой эле өлкө ичиндеги россиялык күчтөрдү жайгаштырууга болгон реакция экенин эч ким жашырбайт. Аталган чек араларда эмне болуп жатканын Андрей Коц талдап көргөн.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн ушул типтеги алты дрону бар. Дагы кошумча аппараттарды сатып алууга келишимге президент Владимир Зеленскийдин Түркияга болгон жакындагы эле иш сапарында кол коюлган. Мындан сырткары, батыш авиациясы дээрлик күн сайын Крымдын жээктерине байкоо салат.
Кара деңиздин бейтарап сууларын британиялык жана америкалык Boeing RC135W жана Lockheed P-3Corion радиоэлектрондук чалгындоо учактары, ошондой эле P-8Aposeidon айланат. Алардын негизги милдети – Кара деңиз флотунун кемелеринин багытына баам салып, жарым аралда уюштурулган аскердик топтордун абадан коргонуу позицияларын ачыктоо.
НАТО чөлкөмдө аскердик-деңиз күчтөрүн да бекемдөөдө. Апрелдин аягына дейре Кара деңизге АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүнүн эки ракеталык эсминеци келүүгө тийиш. Пентагондун расмий версиясы боюнча кемелердин келиши "кадыресе мүнөздө". Бирок Кремль ага карата кескин көз карашта. Бул эсминецтер элүүдөн ашуун "Томагавк" канаттуу ракеталарын ташып жүрсө да таң калып болбойт.
Ушундай эле дагы бир бүйүр кызыткан суроого жооп боло элек: Киевге АКШнын аскердик-аба күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учактары ташып жаткан жүк эмне? Адистер FlightRadar интернет-сервисинин көрсөткүчтөрүнө көңүл бурушат, анда "АКШ, Германия жана Прибалтикадан учуп чыккан америкалык C-17 жана C-130 Борисполь аэропортуна конуп, жүгүн түшүрүп, кайра учуп кетип жатышканы" боюнча маалымат камтылат. Аскердик эксперт Алексей Леонковдун пикиринде, Украинага Вашингтон радиоэлектрондук күрөш комплекстерин жеткирүүдө, бул Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн тез арадагы чабуулунан кабар бериши мүмкүн. Ал АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн "Чөлдөгү бороон" операциясындагы тактикасын мисалга келтирди. Ошондо жаңжалдын алгачкы күндөрү америкалыктар Саддам Хусейндин армиясына көз ачырган эмес.
Ушундай эле версия Донбасс эл республикасынын жетекчилигинин жакындагы эле билдирүүсүндө да кездешет. Анда аймакка аскердик техникалардын жапырт алып келинип жатканын жашыруу үчүн украиналык күчтөр ЕККУ (Европа коопсуздук-кызматташтык уюмунун) миссиясынын учкучсуздарынын башкаруу каналдарын жана GPS датчиктеринин сигналдарын басаңдатып жатканы айтылат. Анткен менен Россия да буга кол куушуруп отуруп калбайт.
"Эгер кырдаал курчуп кете турган болсо, албетте, биз өзүбүздүн жана жарандарыбыз кайда жүрүшпөсүн, коопсуздугун камсыздай турганыбыз шексиз, — деп белгилейт Россия ТИМ орун басары Сергей Рябков. — Мындай болжолдуу тирештин кесепетине жоопкерчилик толугу менен Киевде жана анын Батыштагы кураторлорунда болот. АКШга да биз Крымдан, Кара деңиздеги биздин жээктерден алыс турууну эскертебиз. Бул алардын өзүнө эле жакшы".
Россиялык чек араларга жакын батыш өлкөлөрүнүн күчтөрүнүн активдешүүсүнүн дагы бир себеби — НАТОнун Defender Europe 2021 машыгууларына даярдыгы. Ал келерки айдын ортосунда башталат. Окуулардын уламышына ылайык, НАТОнун күчтөрү Калининград областын алып, Россиянын батыш областтарын бөгөттөп, ошондой эле "орустардын жапырт чабуулунун" мизин кайтарышмакчы.
Мурдагы жылдардагыдан айырмаланып быйыл Чыгыш эмес, Түштүк Европага өзгөчө көңүл бурулат. Машыгуулар Черногория, Косово жана Албанияда өткөрүлмөкчү. Болгария жана Румынияда абадан коргонуу жана "жер – жер" классындагы ракеталар менен атуу боюнча машыгышат. Ал эми Венгрия бекем тыл болмокчу. Бул жылкы аскердик окууларга украиналык аскер кызматкерлери да катышат.
Америкалыктар Европага бир топ күчтү, анын ичинде 1-кавалериялык жана 82-аба-десанттык дивизиянын бөлүктөрүн алып бармакчы. Атлантика аркылуу ар кыл багыттагы аскердик техниканын жүздөгөн бирдигин жеткирет. Булардан сырткары Флорида штатынан 53-пехоталык бригадасын да катыштырат. Мурдагы машыгууларда адат болуп калгандай эле бул ирет да куралдардын бир бөлүгүн америкалыктар Европада "унутуп калары" ажеп эмес. Адистердин көз карашында, Пентагон ушундай амал менен жыл сайын чөлкөмдө чабуул коюу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүдө.АКШнын Европадагы Кургактагы күчтөрүнүн расмий сайтында жарыяланган пресс-релизде быйылкы окуулар АКШнын НАТОдогу союздаштары жана өнөктөштөрүнүн ортосундагы стратегиялык жана ыкчам даярдыкты жана өз ара аракетти жогорулатууга багытталганы айтылат. Машыгуулар үчүнчү өлкөлөргө коркунуч туудурбай турганы баса белгиленет. Бирок Defender Europe 2021 окууларынын Россияга каршы күн тартиби айдан ачык.
Үч тараптуу байланыш тобундагы Украинанын спикери Алексей Арестович бул туурасында "окуунун маңызы Балтиядан Кара деңизге чейинки аймакта Россия менен согушка машыгууда" экенин ачык эле билдирген. Буга жооп катары Россия менен Беларусь сентябрда "Батыш – 2021" окууларын өткөрөрү турулуу иш. Мурда Беларусь коргоо министри Виктор Хренин билдиргендей, "чогуу машыгуулар жогорку урбанизацияланган жерлерде бирдиктүү штурмдук бөлүктөрдүн биргелешкен аракеттеринин жаңы ыкмаларын сыноого", ошондой эле "курал жана техниканын жаңы жана заманбап үлгүлөрүнүн майнаптуулугун баалоого" мүмкүндүк берет.
РФ коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, азырынча аталган өлкөнүн батыш чек араларына аскердик даярдыгын текшерүү алкагында эки армия жана аба-десанттык күчтөрдөн үч бирикме жеткирилген.