Брюс Линин чындап мушташып жаткан видеосу интернетке чыкты

© AFP / ArchiveЛегендарный киноактер и мастер восточных единоборств Брюса Ли
Легендарный киноактер и мастер восточных единоборств Брюса Ли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Брюс Ли тууралуу роликти ушул тапта 10 миллион адам көрдү.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Айтылуу актер жана Чыгыштын согуш искусствосунун чебери Брюс Линин тасмада эмес, чыныгы турмуштагы мушташып жаткан видеосу биринчи жолу интернетке жүктөлдүгү тууралуу Daily Mail агенттиги жазды.

Видео YouTube порталындагы Bruce Lee Central каналына жайгаштырылган.

Анда көрүнүп тургандай Линин атаандашы өзүнүн окуучусу Тэд Вонг болгон. Роликти ушул тапта 10 миллиондон ашык адам көрдү.

Брюс Ли 1940-жылы Сан-Францискодо кытай опера актерунун үй-бүлөсүндө туулган. Киного биринчи жолу үч айлык ымыркай кезинде тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0