Барак Обаманын кызынын чыныгы аты элди кызыл чеке кылды

© AFP / YURI GRIPASПрезидент США Барак Обама с дочерью Сашей
Президент США Барак Обама с дочерью Сашей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым колдонуучулар бул жазылган нерселерди "Россия менен байланыштырып", бул маалымат азыркы президентти кызыктырышы керектигин айтышкан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын кыздарынын биринин аты орусча экени социалдык тармактын колдонуучуларын айран таң калтырды.

АКШнын экс-президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Обама Вашингтондон үй сатып алып, Иванка Трамп менен кошуна болду
Rifenery29 интернет басылмасынын автору Эшли Форд Саша Обаманын аты Наташа экенин бир жыл мурда билгенин өзүнүн Twitter баракчасына жазды. Журналисттин баракчасына жазылган колдонуучулар бул маалымат алар үчүн күтүлбөгөн кабар болгонун айтса, айрымдары буга ишенбей турганын билдиришкен.

Laterica Rule аттуу колдонуучу "бул тууралуу силер мага караганда бир жыл мурда билиптирсиңер" деп жазды.

​"Бул эмне тамашабы? Эгер андай болсо силер максатыңарга жеттиңер" деген пикирин Stirling Allred аттуу колдонуучу жазды.

​Kat Noel аттуу колдонуучу "калп айтып жатасың" деген пикирин билдирди.

Президент США Дональд Трамп и первая леди Мелания Трамп - Sputnik Кыргызстан
Мелания эмнеге нааразы? Дональд Трамптын аялынан кагуу жеген 9 учуру
Айрым колдонуучулар бул жазылган нерселерди "Россия менен байланыштырып", бул маалымат азыркы президентти кызыктырышы керектигин айтышкан.

"Токтогула, эгер муну Дональд Трамп билип калса, Обама Россия менен жең ичинен сүйлөшүп алганына далил экенин айтат" деген пикирин quizquest деген колдонуучу жазды.

Интернет басылманын билдиришинче Обаманын кыздарынын аты тууралуу маалымат интернетте баарына жеткиликтүү экенин, бирок ал ЖМК менен окурмандардын көңүлүн бурбай келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0