Бошонуп кеткен ит приморьелик баланы чайнап салды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүВяземский кинологический центр погранслужбы ФСБ РФ
Вяземский кинологический центр погранслужбы ФСБ РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала досун күтпөй дарбазанын алдынан сойлоп киргенде, итти байлаган чынжыр үзүлүп кетип, овчарка аны басып калган

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Приморьедеги айылдардын биринде байланган чынжырдан бошоп кеткен ит 7 жашар баланы чайнап салды. Бул туурасында РИА Новости аймактык тергөө башкармалыгына таянып кабарлады.

13-июнда Сергеевка деп аталган айылдагы үйлөрдүн биринин короосунан борбор азиялык овчарка тукумундагы ит талап салган баланын денеси табылган.

Күбө болгондордун айтымында, коңшу жашаган бала үйдү курчап турган бийиктиги 2 метрлик короого келип, анда жашаган досун сыртка ойноп келүүгө чакырган.

"Берки бала эшиктен башын чыгарып, досун бир аз күтүп туруусун айтып, кайрадан үйүнө кирип кеткен. Коңшу бала аны күтпөй дарбазанын алдынан сойлоп киргенде, аны көздөй жулкунган итти байлаган чынжыр үзүлүп, овчарка баланы басып калган", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге келген тартип сакчылары итти өлтүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0