Лондондо мечиттин жанындагы адамдарды жүк ташуучу унаа тебелеп кетти

© REUTERS / NEIL HALLЛондондун түндүк тарабында мечиттин жанында турган кишилерди жүк ташуучу унаа тебелеп кетип, бир канча адам жабыр тартты
Лондондун түндүк тарабында мечиттин жанында турган кишилерди жүк ташуучу унаа тебелеп кетип, бир канча адам жабыр тартты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция окуяны иликтеп, тактап жатат.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Лондондун түндүк тарабында мечиттин жанында турган кишилерди жүк ташуучу унаа тебелеп кетип, бир канча адам жабыр тартты. Бул тууралуу BBC жазды. 

Полиция окуянын алдын ала пландалганын же капысынын болгон кырсык экенин тактап жатат.

Лондон шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лондондо жашаган кыргызстандыктар: терактыдан кийин 5-6 саат кафеден чыкпай отурдук
Ал эми Улуу Британия мусулмандар кеңешинин Twitter баракчасына жазганына караганда, унаа кечки намаздан чыгып келе жаткан адамдарды уруп кеткен.

Кеңештин жетекчиси Харун Рашид Хан социалдык тармактарда айдоочу элди атайылап сүзгөнүн жазды. Ал эми полиция муну өтө олуттуу инцидент деп мүнөздөдү.

Азырынча жабыркагандардын саны айтылбаганы менен бир адамдын камалгандыгы тууралуу маалыматтар бар.

Акыркы айларда эле Улуу Британияда үч террордук акт катталды. Акыркысы Лондон шаарында июндун башында болгон.

Анда Лндондогу көпүрөдөн унаа өтүп бара жаткандарды тебелетип, кийин машинадан чыккан куралчан террорчулар көчөдөгүлөргө бычак урган. Жыйынтыгында жети киши каза болуп, 48и жаракат алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0