Россия президенти Владимир Путиндин архивдик сүрөтү

Россия Түркияда киши колдуу болгон Карловдун ордуна жаңы элчи дайындады

60
(жаңыланган 18:16 19.06.2017)
Дипломатиялык өкүл буга чейин Россиянын Стамбул шаарындагы генералдык консулу болуп иштеп келген

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Алексей Ерховду Россиянын Түркиядагы элчиси кылып дайындады. Бул тууралуу маалымат укуктук маалымат порталында жарыяланды.

Ерхов Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө кырдаал департаментинин директорлугун аркалап келген. Ага чейин бир нече жыл Стамбулда Россиянын генералдык консулу болчу.

Эскерте кетсек, Россиянын Ерховго чейинки элчиси Андрей Карлов 2016-жылдын 19-декабрында Анкарадагы көргөзмө учурунда киши колдуу болгон. Кылмышкер бир нече жолу ок чыгарып, Карлов ооруканага жетпей көз жумган. Элчиге кол салган жаран ошол эле жерден полиция тарабынан жок кылынган. Карловдун өлтүрүлүшү боюнча Россиянын тергөө комитети кылым ишин козгогон.

60
Белгилер:
элчи, Алексей Ерхов, Андрей Карлов, Түркия, Россия
Тема:
РФтин Түркиядагы элчиси кол салуудан улам каза болду (19)
Тема боюнча
Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аскар Бешимов кызматынан бошотулду

45 метрден тебилген гол менен дарбазачы кошо кирип... Евро–2020нын видеосу

34
(жаңыланган 11:30 15.06.2021)
Чехиянын курама командасынын чабуулчусу Патрик Шик Европа чемпионатынын тарыхындагы суктанарлык голдордун бирин киргизди.

Кечээ Чехия Шотландияны Евро–2020нын алкагында өткөн тайпалык этаптын биринчи турунда жеңип алып, эсеп 2:0 менен аяктады. Биринчи таймдын аягында Шик топту атаандаштарынын дарбазасына башы менен уруп киргизген.

Оюндун 52-мүнөтүндө чехтер чабуулду күчөткөн. Шик каршылаш оюнчулардын дарбазачысы ордунан алысыраак турганын байкап, топту талаанын борборунан туруп тепкен. Видеодон көкөлөп учуп барып, дарбазанын темиринин астынан топ да киргенин, артынан чуркап күүлөнүп токтоно албай дарбазачы да кошо кирип кеткенин көрүүгө болот.

​Оюнчунун голду 45,44 метр аралыктан киргизгени маалым болду. Ошентип, бул Европа чемпионатындагы кеминде 1980-жылдан берки эң алыстан киргизилген топ болуп калды. Мурдагы рекордду немец Торстен Фрингс (35,3 метр) койгон. Лидерлердин үчтүгүндө 1996-жылы 31,27 метрден атаандаштарынын ичин күйгүзгөн Владимир Бесчастных да бар.

​Футбол боюнча Европа чемпионаты былтыр жай айында өтүшү керек болчу, бирок пандемиядан улам аны 2021-жылга жылдырган. Матчтар 11-июлга чейин Европанын бир нече шаарларында өтөт.

34
Белгилер:
дарбазачы, гол, футбол, Европа чемпионаты
Тема боюнча
Италиялык футболчу 65 метр аралыктан укмуштуудай гол киргизди. Видео
Новосибирск шаарындагы авто газ куюучу жайда болгон жарылуу

Новосибирсктеги жарылууда кыргызстандыктар жабыркады. Видео

40
(жаңыланган 11:19 15.06.2021)
Жарылуу кечээ, 14-июнда, жергиликтүү убакыт менен саат 18:00дөр чамасында Октябрь районундагы Гусинобродское шоссе көчөсүндө болгон. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан 30дан ашуун киши жабыркаган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Новосибирск шаарындагы автогаз куюучу жайда болгон жарылууда үч кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жарылуу кечээ, 14-июнда, жергиликтүү убакыт менен саат 18:00дөр чамасында Октябрь районундагы Гусинобродское шоссе көчөсүндө болгон. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан 30дан ашуун киши жабыркаган.

ТИМден билдиргендей, окуя болгон жер кыргызстандыктар жашаган аймакка жакын болгондуктан, аталган шаардагы Башкы консулдуктун кызматкерлери жерине барып, ӨКМ кызматкерлери менен жолуккан.

"Жабыркагандардын арасында ар кандай деңгээлдеги күйүк алган Кыргызстандын үч жараны бар экендиги аныкталган. Ошол замат Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск облустук клиникалык ооруканасынын күйүк бөлүмүнө барышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, жабыркагандардын бардыгы Ош облусунун тургундары. 53 жаштагы жарандын денесинин 20 пайызы күйгөн. Дарыгерлер анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок экенин айтышкан.

20 жаштагы экинчи жарандын денесинин беш пайызы күйгөн. Ооруканада медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган.

Жабыркаган үчүнчү кыргызстандык 33 жашта. Денесинин жети пайызы күйгөн. Алгач шок абалында болгондуктан кырсык болгон жерден кетип калган. Кийинчерээк Башкы консулдуктун кызматкерлери менен байланышып, алардын жардамы менен ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле өрттүн жана жарылуунун натыйжасында Кыргызстандын жараны ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана кыргыз жараны иштеген дөңгөлөк алмаштыруучу жай күйүп кеткендиги аныкталды.

Өрт болгон жерде Башкы консулдуктун кызматкерлери жарандар менен жолугушуу өткөрүп, паспорту күйүп кеткен бир жарандын документин калыбына келтирүүгө аракеттерди көрүүдө.

40
Белгилер:
жабырлануучу, өрт, жарылуу, Новосибирск, Россия
Тема боюнча
Асфальт күбүгөн шырдактай көтөрүлүп, андан соң жарылып кетти. Ухандагы видео
Тез жардам кызматкери. Архив

514 кишиден вирус табылып, алты байтап каза болду. COVID статистикасы

0
(жаңыланган 11:41 15.06.2021)
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 111 343кө жетти. Анын ичинен 103 257си дартты жеңген.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 514 кишиден катталып, 367 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 234;
  • Ош шаары – 110;
  • Чүй облусу – 80;
  • Ош облусу – 34;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 13;
  • Баткен облусу – 17.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 111 343кө жетти. Анын ичинен 103 257си дартты жеңген.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 188;
  • Ош шаары – 40;
  • Чүй облусу – 62;
  • Ош облусу – 22;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 25;
  • Жалал-Абад облусу – 20:
  • Баткен облусу – 3.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Алар:

  • Бишкек шаары – 3;
  • Чүй облусу – 3;
  • Ош шаары – 1;
  • Ош облусу – 2;
  • Баткен облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Талас облусу - 1.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан алты бейтап көз жумган. Анын төртөө Бишкекте, бирден киши Ысык-Көл жана Чүй облустарында катталган. Муну менен коронавирус жалпы 1 905 адамдын өмүрүн алды.

Стационарларда 2 052 адам дарыланып жатат. Алардын 563ү оор абалда болсо, 100 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

0
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Марипов: COVID-19 жайылууда, мурдагыдай каатчылыкка жол бербеш керек
Министр Бейшеналиев түнкү клубдар менен соода борборлорду жабууну сунуштады
Жалал-Абаддагы COVID: облустук оорукана толуп, күндүзгү стационарлар ачылмай болду