Филиппин: согушкерлер мектепке чабуул жасап, балдарды барымтага алды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСогушкер. Архив
Согушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агенттик жабырлангандар туурасында маалыматтар азырынча түшө электигин жазган.

БИШКЕК, 21- июн. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмуна тиешелүү согушкерлер Филиппиндин түштүгүндөгү мектептердин бирине кол салды. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

Лондондун түндүк тарабында мечиттин жанында турган кишилерди жүк ташуучу унаа тебелеп кетип, бир канча адам жабыр тартты - Sputnik Кыргызстан
Лондондо мечиттин жанындагы адамдарды жүк ташуучу унаа тебелеп кетти
Полициянын маалыматына караганда согушкерлер бир нече окуучуну барымтага алган. Агенттик жабырлангандар туурасында маалыматтар азырынча түшө электигин жазды.

Май айында Филиппин президенти Родриго Дутерте армия менен согушкерлер кагылышкандан кийин Минданао провинциясында аскердик абал киргизген. Учурда кырдаал курчуган аймак — Марави шаары болуп турат. Калаадагы калабага 500гө чукул террорчулар катышканы айтылган. Кечээ армия бул аймакка чабуулун кайрадан жаңылап жасаган.

Дүйшөмбүдөгү маалыматтарга караганда, армия менен болгон кагылышуу төрт аптадан бери созулуп келет. Бул мезгил ичинде 26 жай жаран, 62 аскер жана 257 согушкер каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0