Черногориянын желегин кармаган кыз. Архив

Черногориянын ханзадасы кызынын атын Алтынай койгон. Кыргызча ысымдын тарыхы

Ханзада Никола II "Биринчи мугалим" чыгармасына аябай таасирленип, кыздуу болсо башкы каарман Алтынайдын ысымын коюуга досуна убада берген.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Черногориянын ханзадасы Никола II өзүнүн кызына Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасынын баш каарманы Алтынайдын ысымын койгон. Бул тууралуу ал өзү "Русский Вестник" басылмасына берген интервьюсунда билдирген.

Никола II "Биринчи мугалим" чыгармасына абдан таасирленип, кыздуу болсо башкы каарман Алтынайдын ысымын коюуга досуна убада бергенин айткан. Аны жергиликтүүлөр диалект менен Алтинай деп атап калышкан.

"Тасманын соңку кадрында Алтынай көз жашын көлдөтүп сүйгөн агайы менен коштошот да поездге отуруп шаардагы мектептен окуу үчүн жөнөп кетет. Агайы "Ак жол сага, Алтынай! Сен Чыгыштын эң биринчи эркин кызы болосуң!" деп сөзү менен коштошкон. Ошол кадрлар бизге аябай таасир калтырды. Андан чыгып досум экөөбүз бири-бирибизге эң биринчи кызыбыздын атын Алтынай коёбуз деп сөз бердик. Мен 10 жылдан кийин кыздуу болуп убадалагандай эле Алтынай деген ат койдум", — деп айтып берген журналистке.

Черногориянын ханышасы Алтынай Париждеги улуттук жогорку архитектура мектебинин аяктаган. Кийин ал кинорежиссерлукту аркалап бир нече даректүү тасмаларды тарткан. Соңку бир жылдан бери үй-бүлөлүк иштери алектенүүдө.

Белгилер:
ханзада, "Биринчи мугалим" кино тасмасы, Черногория
Тема боюнча
Астанадагы аэропортко Нурсултан Назарбаевдин ысымы ыйгарылды
Айтматовсуз 9 жыл. Үлкөндүн караанын издегенде

Россия тик учактын ордун баса турчу чакан аэромобилдерди чыгарат. Видео

Россиянын Перспективдүү изилдөөлөр фонду "Циклон" долбоорунун алкагында "Циклокар" деп аталган инновациялык аэромобиль чыгаруу иштерин баштады.

Бул машина 600 килограммдык жүк көтөрүүгө ылайыкталып, ичине алты адам батат. Муну жүзөгө ашыруу иштерин Россия Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту аткарары айтылды.

Биринчи этапта машинанын алдын ала долбоору даярдалган. Ошондой эле диаметри 1,5 метрлик циклдүү кыймылдаткычын жерден сынап көрүшкөн. "Циклокардын" жалпы көлөмү (узун-туурасы) 6,2 жана 6 метрди түзөт, саатына 250 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт. Ал эми тыным албай 500 чакырымга чейин жетсе болору белгиленген.

Аэромобиль тик учакка салыштырмалуу чакан эмес, ал имараттардын четине токтоп ичиндеги адамдарды түшүрүүгө да ылайыкташкан.

Белгилер:
кыймылдаткыч, Россия, унаа, чыгаруу, учуу
Тема боюнча
Гонконгдо пандемиядан улам робот-бармендер иштей баштады. Видео
Төөлөр. Архив

Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулду. Сүрөт

Мындай жол чырак азырынча дүйнөнүн бир да жеринде жок экени айтылды. Ал Кытайдын туристтер көп барган шаарына коюлган.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулганын China News басылмасына таянып Sputnik Өзбекстан кабарлады.

​Маалыматка ылайык, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарына орнотулган.

"Чет элдик саякатчылар Минша тоосуна, Могао чөлүндөгү храмдарга, Юмэнь жана Янгуань ашууларына көп барат. Бирок ал жакта төөлөр да арбын. Мындан улам эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырак коюлган", — деп жазылат билдирмеде.

Жергиликтүү бийлик белгилегендей, жол чырак кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат жана дүйнөдө мындай жабдуулар азырынча жок.

Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп, элди өткөрө турганы айтылды.

Белгилер:
турист, жол чырак, төө, Кытай
Тема боюнча
Токмокто "Коопсуз шаардын" камералары орнотулуп жатат. Карта