Сауд Аравиянын полициясы Мекке шаарындагы Аль-Харам мечитинде жардырууну алдын алды

Меккеде жан кечти өзүн-өзү жардырды

665
(жаңыланган 13:55 24.06.2017)
Жардыруудан 11 адам жаракат алган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Сауд Аравиянын полициясы Мекке шаарындагы Аль-Харам мечитинде жардырууну алдын алды. Бул тууралуу BBC жазып чыкты.

Маалыматта полиция кызматкерлери жан кечти жайгашкан имаратты курчоого алган учурда ал өзүн-өзү жардырып жиберген.

"Жардыруудан имарат урап, 11 адам жаракат алган. Алардын катарында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да бар", — деп жазылат кабарда.

SPA маалымат агенттигинин кабарлашынча, террорчуну полиция курчоого алып, атышуу болгон.

Эске сала кетсек, Аль-Харам мечитинин ичинде улуу Кааба бар.

665
Белгилер:
теракт, Мекке
Тема боюнча
УКМК: Сириядан келип Кыргызстанда теракт даярдоого шектелген киши кармалды
Лондондо жашаган кыргызстандыктар: терактыдан кийин 5-6 саат кафеден чыкпай отурдук