Америка президентинин кызы Иванка бут кийим чыры боюнча сотко чакырылды

© Sputnik / Алексей Агарышев / Медиабанкка өтүүАмерика президентинин жардамчысы болуп иштеп жаткан кызы Иванка Трамп жолдошу Джаред Кушнер менен. Архив
Америка президентинин жардамчысы болуп иштеп жаткан кызы Иванка Трамп жолдошу Джаред Кушнер менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, Иванка сотко 2017-жылдын октябрына чейин барышы керек.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Америка президентинин жардамчысы болуп иштеп жаткан кызы Иванка Трамп бут кийимдин үлгүсүн уурдап алды деген доо боюнча сотко чакырылды. Бул туурасында Bloomberg басылмасына таянып РИА Новости кабарлады. 

Президент США Барак Обама с дочерью Сашей - Sputnik Кыргызстан
Барак Обаманын кызынын чыныгы аты элди кызыл чеке кылды
Aquazzura бренди алар өздөрү иштеп чыккан бут кийимдин үлгүсүн көчүрүп алган деген доо менен Иванка Трампты сотко берген. Алар чыгарган туфлинин баасы 780 доллар турса, ал эми президенттин кызы 150 доллардан сатыкка койгон.

Маалыматка караганда, Иванка сотко 2017-жылдын октябрына чейин барышы керек. Фемида өкүлдөрү президенттин жардамчысына жеңилдик кылып, көрсөтмөнү Нью-Йоркто эмес, Вашингтон шаарында берүүгө макул болгон.

Иванка жана анын күйөөсү Жаред Кушнер АКШ президентинин акча төлөнбөгөн жардамчылары болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0