БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. АКШда 14 жашар кыз бийиктиги жети метрлик каруселден кулап түштү. Бул тууралуу New York Daily News басылмасы жазып чыкты.
Окуя "Алты желек" көңүл ачуучу паркында катталган.
Көңүл ачуучу борборго келген эс алуучулардын жардамы менен кыз оор жаракат алган эмес.
Ал эми аттракционго ээлик кылган компания өкүлдөрү карусель толугу менен оңдолгонун кабарлаган.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 2-3-март күндөрү Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик апараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев билдирди.
Сапардын алкагында мамлекет башчы коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулай турганы белгиленди.
"Казакстан менен кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлде жана иш жүзүндө бардык чөйрөлөрдө эки жана көп тараптуу өз ара кызматташуунун оң динамикасы бар. Биз Казакстан Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо максатын көздөйбүз", — деп белгиледи Дүйшекеев.
Мындан сырткары, Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушары күтүлүүдө.
Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанисин эске алып, Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу дагы каралган.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ташкент шаарындагы "Шовотландия" кафесине өрт коюуга шектелген адам кармалды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Чилензарск районундагы кафеден чыккан өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына 27-февралда түнкү саат 3:51лер чамасында түшкөн. Жалын саат 4:37де чектөөгө алынган. Кийинчерээк шаардык милиция башкармалыгы кырсык болгон жерден беш студент ууланып каза болгонун кабарлаган.
Милиция Самарканд облусуна караштуу Тайлак районунун тургуну, мурда соттолгон жаран атайылап өрт коюушу мүмкүн деп эсептеп жатат.
"Тергөөнүн алгачкы маалыматы боюнча, ал 27-февралда саат 3:30да Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа менен кафеге келип, дубалына белгисиз суюктук чачкан. Андан соң ичине дагы бир идиштеги суюктукту ыргытып күйгүзүп жиберген. Шектүү өрт тутанганча карап туруп, анан качып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул боюнча "Атайылап жок кылуу жана мүлктү зыянга учуратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнү Ташкент прокуратурасы жүргүзүп жатат.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов опера жана балет театрынын аталышын өзгөртүү боюнча токтомго кол койду. Бул туурасында документ өкмөттүн сайтына жайгаштырылды.
22-февралда "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн маданият жана искусство чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому чыккан. Ага ылайык, "А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" "А. Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемеси" деп өзгөртүлгөн.
Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги театрдын аты өзгөртүлбөгөнүн, болгону документ Юстиция министрлигиндеги маалыматка дал келтирилгенин билдирди.
"Опера жана балет театры мурда Юстиция министрлигинде "А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" деп катталган. Өкмөттүн токтому менен биз болгону документти иретке келтирдик", — деп билдирди министрликтин маалымат кызматы.
Мындан сырткары, өкмөттүн чечими менен Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин карамагына өттү.