Германияда 0 евро номиналындагы купюра чыгарылды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүДенежные купюры
Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нөл евро номиналындагы купюра кадимки акча сымал баалуу кагаздан даярдалган.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Германияда нөл евро номиналындагы купюра чыгарылды. Бул тууралуу Neue Osnabrücker Zeitung басылмасы жазып чыкты.

Сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз сомунун айрым банкноттору чет өлкөдө миңдеген рублдан сатылууда
​Маалыматка ылайык, Европалык борбордук банк тарабынан уруксат берилген жаңы акча сувенир иретинде чыгарылган. Германия бийлигинин ою боюнча жаңы акча бирдиги туристтер менен коллекционерлер үчүн баалуу болмокчу.

Белгилүү болгондой, 0 еврого эч нерсе сатып алууга мүмкүн болбогону менен кадимки акча сымал баалуу кагаздан даярдалган.

Анын бир купюрасы 2,5 евродон сатылат. Учурда купюранын беш миң көчүрмөсү чыгарылды.

Акча бирдигине 1958-жылкы "Горх Фок II" кемесинин сүрөтү түшүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0