Цукерберг Facebook колдонуучуларынын саны канчага жеткенин айтты

© REUTERS / Stephen Lam / File PhotoГенеральный директор Facebook Марк Цукерберг
Генеральный директор Facebook Марк Цукерберг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Facebook кубанычын бүгүн эртең менен өз колдонуучулары менен бөлүшкөн.

БИШКЕК, 28-июн — Sputnik. Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг аталган социалдык тармактагы аккаунттардын саны 2 миллиардга жеткендигин билдирип, бул туурасында ал өзүнүн баракчасына жазган.

"Бул таңда Facebook тармагынын колдонуучуларынын саны расмий түрдө 2 миллиардга жетти! Биз элди бириктирип, максатыбызга жеттик. Эми алардын бири-бирине жакындоосуна жардам берели. Сиздер менен биргеликте бараткан бул жол мен үчүн сыймыктуу", — деп жазган Цукерберг баракчасына.

Социальная сеть Facebook - Sputnik Кыргызстан
Кийинки айдан тарта Facebook өзүнүн телешоусун көрсөтө баштайт
Facebook 2004-жылы негизделген. Аны түптөгөн америкалык бала ошол кезде 19 жашта болгон. Сайт алгач өзү окуган Гарвард университетинин студенттерди үчүн гана иштесе, эки жылдан кийин каалаган киши бул тармакка катталып, аккаунтун ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Компаниянын баш кеңсеси Менло-Паркта (Калифорния) жайгашкан. 2017-жылга карата Facebook кызматкерлеринин саны 18 770ке жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0