instagram социалдык тармагынын cristiano аттуу колдонуучунун бетинен тартылган кадр

Роналду эгиз балдарынын сүрөтүн көрсөттү

644
(жаңыланган 09:43 30.06.2017)
Мурдараак ЖМКлар Роналду жакында карын энеден эгиз балалуу болорун жазышкан.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. "Реал Мадрид" футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду өзүнүн Instagram баракчасына жаңы төрөлгөн эгиз балдарынын сүрөтүн жарыялады.

 

So happy to be able to hold the two new loves of my life 🙏❤

Публикация от Cristiano Ronaldo (@cristiano) Июн 29 2017 в 10:09 PDT

 

"Жашоомдогу эки жаңы сүйүүмдү колума кармап турганыма абдан бактылуумун", — деп жазды футболчу.

Мурдараак ЖМКлар Роналду жакында карын энеден эгиз балалуу болорун жазышкан. Ал эми спортчу өзү эгиз балдар анын Мадриддин четиндеги үйүндө жашай турганын жакындарына айткан.

"Реалдын" чабуулчусу буга чейин 2010-жылы төрөлгөн уулун тарбиялап келген. Ал дагы карын энеден төрөлгөн.

Учурда 32 жаштагы спортчу Жорджина Родригес аттуу модель менен мамиледе. Ага чейин 2010-15-жылдары дагы бир модель Ирина Шейк менен кыз-жигит болуп жүргөн.

644
Белгилер:
Сүрөт, эгиз балдар, Криштиану Роналду
Тема боюнча
Роналду арабча сүйлөп, ат минип чөлдүн чаңын ызгытты
Роналду салык чатагынан кийин "Реалдан" кетмей болгонун басылмалар жазды
Роналду салыкчылардын кылтагына илинди