АКШ желектери. Архивдик сүрөт

АКШнын "кара тизмесиндеги" өлкөлөр: сүйгөнүнө келгендерге кирүүгө уруксат берилди

152
(жаңыланган 11:27 30.06.2017)
Президент Дональд Трамптын жаңы иммиграциялык жарлыгы боюнча АКШга 90 күнгө чейин Иран, Йемен, Ливия, Сирия, Сомали жана Судандын жарандары кире албайт.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. АКШ бийлиги өлкөгө кирүү боюнча "кара тизмедеги" алты мамлекеттин жарандары үчүн эң жакын адамдардын катарына сүйлөшкөн кыз жана сүйлөшкөн жигитти дагы кошуп бергендигин Рейтер агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Эске салсак, президент Дональд Трамптын жаңы иммиграциялык жарлыгы боюнча АКШга 90 күнгө чейин Иран, Йемен, Ливия, Сирия, Сомали жана Судандын жарандары кире албайт. Буйрук 30-июндан баштап күчүнө кирет.

Мурдараак айтылгандай бул аралыкта АКШнын аймагына ал жерде ата-энеси, балдары жана бир туугандары барлар кире алмак. Америка бийлиги жакын адамдардын катарына чоң эне, чоң ата, аталаш туугандар жана сүйүү мамилесиндеги адамдарды киргизген эмес.

"Бирок бул суроо боюнча кошумча талкуулар болуп, жакын адамдардын катарына үйлөнүүнү көздөгөн кыз-жигиттерди дагы киргизүү чечими кабыл алынды", — деп жазат агенттик.

Анткени Гавайи штатынын жетекчилиги жакын туугандардын катары абдан эле тар деген нааразычылыгын билдирип, федералдык сотко кайрылган.

152
Белгилер:
чечим, туугандар, кара тизме, Дональд Трамп, АКШ
Тема боюнча
АКШдагы кыргыз мигранттары Трамптын жарлыгынан жабыркабайбы
Трамп АКШга качкындарды киргизүүнү токтотуп, талаптарды бир топ татаалдантты
Россиянын президенти Владимир Путин

Путин Геленджиктеги хан сарай жана макулдашылбаган акциялар тууралуу үн катты

157
(жаңыланган 21:20 25.01.2021)
Путин Россиядагы студенттердин күнүнө арналган онлайн-жолугушууда Алексей Навальный даярдаган "иликтөө" жана митингдер тууралуу оюн билдирди.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин YouTube каналындагы Геленджиктеги хан сарай боюнча тасма менен 23-январдагы макулдашылбаган акциялар боюнча үн катты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Путин Россиядагы студенттердин күнүнө арналган онлайн-жолугушууда Алексей Навальный даярдаган "иликтөө" тууралуу суроого жооп берип жатып, бул тема көптөн бери апыртылып келе жатканын, ага азыр элдин башын айлантууга ыңгайлуу убакыт экенин билдирген.

РФ лидери убакыттын тардыгынан тасманы толук көрбөгөнүн, жардамчылары даярдап берген видео топтомдорго көз чаптырганын айткан.

"Бул суроого дароо эле жооп берейин. Меники деп көрсөтүлгөн мүлктөр мага дагы, туугандарыма дагы тиешеси жок жана болгон да эмес. Эч качан. Кагаз жүзүндө ыйгарылган нерселердин дагы далили жок. Ошол жактагы бассейнде түшкөн сүрөтүмдү чыгарышыптыр. Ал негизи 2016-жылы Енисейде тартылган, анан атайын монтаждап коюшкан. Башкачараак нерсени ойлоп тапканга акылдары жетпептир", — деген Путин.

Мындан тышкары, Россиянын президенти 23-январда ар кайсы шаарлардагы макулдашылбаган акцияларга токтолду. Анын айтымында, жарандар саясий ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө, өз пикирин билдиргенге жана аны жайылтууга укуктуу. Бирок бардыгы мыйзам чегинде болушу керек.

"Ошондой эле укук коргоо органдары да мыйзамдын чегинде иш алып барышы керек. Алар Россиянын элине жана мамлекетине кызмат кылууга милдеттүү. Ушундай жол менен алдыга жыла алабыз деп ишенем", — деди Путин.

23-январь, ишемби күнү Россиянын ар кайсы шаарларында Навальныйдын тарапташтарынын макулдашылбаган нааразычылык акциялары өттү. Мыйзамсыз аракеттерди токтотууда кеминде 39 коопсуздук кызматкери жаракат алды.

Полиция биринчи кезекте бетин толугу менен жашыргандарды колго түшүрдү. Кармалгандардын саны боюнча азырынча расмий маалымат жок.

157
Белгилер:
акция, Алексей Навальный, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Москвада полиция макулдашылбаган акцияга чыккандарды кармай баштады

Дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Видео

384
(жаңыланган 15:35 25.01.2021)
Исландиялык киши 20 жыл мурда электр тогуна урунуп эки колунан тең ажырап калган. Бейтап 2013-жылы эле операция жасатмак, бирок донорду издөөгө убакыт кеткен.

Франциянын Лион шаарында дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Бул тууралу The Guardian басылмасы жазды.

Трансплантация 13-январда Эдуард Эррио атындагы клиникада жүргүзүлдү. Операцияга даярдык көрүүгө 50 ак халатчан тартылса, аны жасоого медиктердин төрт бригадасы катышып, колдорду "жамоо" 15 саатка созулган.

48 жаштагы исландиялык Феликс Гретарсон 20 жылы мурда электр тогуна урунуп, эки колунан тең ажырап калган. Андан бери ондогон операция жасаткан. Бейтап Лионго 2013-жылы операция жасатууга уруксат алгандан кийин көчүп келген. Бирок донорду издөөгө бир нече жыл кеткен. 

Операциядан кийин оң колу сол колуна караганда батыраак калыбына келерин айтышкан. Себеби сол жак ийиндин бардыгын калыбына келтирүүгө туура келген.

Азырынча Феликс Гретарсон колдору менен өз алдынча кыймылдай албайт.

Тогуз күндөн кийин исландиялык киши клиникадан биринчи видео кайрылуусун жасап, дарыгерлердин бул керемет ишине эбегейсиз ыраазылыгын айткан.

Ролик оорукананын YouTube-канале каналына жүктөлгөн.

384
Белгилер:
кол, бейтап, трансплантация, операция, Франция
Тема боюнча
Баш тынбай ооруйт. Онколог мээдеги рактын алгачкы белгилерин атады
Орто-Сай базарындагы жайма базар. Архив

Күчүм жетпей жатат! Түлөбаев жайма базар боюнча УКМКга кайрылганын айтты

0
(жаңыланган 00:06 26.01.2021)
Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин соцтармакта сатуучунун мэрия кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын билдирди.

Ал бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жиберген.

Ошондой эле Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.

"Билем, саботаж кылып жатышат, айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. "Ош" базарынан, "Аламүдүн" базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик", — деди Түлөбаев.

Шаар башчысынын милдетин аткаруучу сатуучуларды базардын ичине кирип соода кылгыла деп айтып жатканын жана ал жакта орундар бар экенине ишендирди.

0
Белгилер:
жайма базар, мэр, Балбак Түлөбаев, УКМК, Бишкек
Тема боюнча
Садыр Жапаров мэр Балбак Түлөбаевге эки тапшырма берди