Месси бала чактан арзыган ашыгына үйлөндү. Үлпөт тойдон ирмемдер

© AFP / EITAN ABRAMOVICHДүйнөлүк футбол жылдызы Лионель Месси жума күнү үйлөнүү тоюн өткөрдү
Дүйнөлүк футбол жылдызы Лионель Месси жума күнү үйлөнүү тоюн өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жаштын тоюна "Барселона" клубунун оюнчулары Неймар, Луис Суарес, Жерар Пике жубайы Шакира менен келип катышкан.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк футбол жылдызы Лионель Месси жума күнү үйлөнүү тоюн өткөргөнүн РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

​Алардын үлпөт тою Аргентинанын Росарио шаарында 250дөй коноктун катышуусу менен өткөн. 30 жаштагы Месси жубайы Антонелла Рокуццо менен бала чактан бери достук мамиледе болуп жүрүп, 2000-жылдан тарта кыз-жигит катары сүйлөшө баштаган. Учурда түгөйлөрдүн эки уулу бар.

​Нике кыюу аземи коопсуздукту тыкыр көзөмөлдөгөн мейманканалардын биринде өткөрүлгөн. Эки жаштын тоюна "Барселона" клубунун футболчулары Неймар, Луис Суарес, Жерар Пике жубайы Шакира менен келип катышкан. Үлпөт тойду чагылдыруу үчүн 150 журналист чакыруу алган.

"Ал такыр өзгөргөн жок. Көп ийгиликке жетишкенине карабай, мурункудай эле жөнөкөй жигит бойдон калды", — деп Мессинин бала чактан берки досу Диего Вальехос ой бөлүшкөн.

Месси беш жолу мыкты футболчу аталган, "Барселона" командасынын курамында жүрүп сегиз жолу Испания чемпиону аталды. Аргентина курамасы үчүн ойноп жатып 2008-жылы олимпиада чемпиону болууга жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0