БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Челюсти" деген каймана атка ээ америкалык Жоуи Честнат хот-дог жеген жагынан рекорд жаңыртып, 10 мүнөттүн ичинде 72 сосиска салынган булочканы аймап койду. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазып чыкты.
Мындай жол менен Честнат 10-жолу мыкты аталып, ар жылы АКШнын эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлчү Nathan's Famous Hot Dog Eating Contest сынагында жеңип чыкты. Ага карабай рекордчу мындан да көп хот-дог жегенге кудурети жетмек экенин билдирди.
Ал эми аялдар арасында мелдештин төрт жолку чемпиону Мики Судо дагы биринчиликти алып, бул жолу 10 мүнөттө 41 хот-дог жегенге жетишкен.
Жеңүүчүлөргө 10 миң доллардан сыйлык тапшырылды.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстан демилгелеген "Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору" деп аталган жаңы резолюцияны жактырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
75-сессиянын пленардык жыйынында БУУнун Башкы ассамблеясы резолюцияны бир добуштан кабыл алган.
Долбоорго БУУнун Биоартүрдүүлүк жөнүндө конвенциясы, Көчүп жүрүүчүлөр түрлөрү боюнча конвенциясы, Рамсар конвенциясы жана Германиянын Коргоо союзу (NABU) сыяктуу бир катар глобалдык экологиялык уюмдар өз баасын берип колдоого алган.
"Резолюциянын бир добуштан кабыл алынып, дүйнөнүн 60 мамлекетинин авторлош болушу демилгенин актуалдуулугун далилдеп, мындан ары илгерилетүүгө колдоо көрсөтөрүн тастыктайт. Бул Кыргызстандын экология жаатында жогору бааланган ийгиликтүү демилгелеринин уландысы болду. Буга чейин ак илбирсти сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, Нью-Йоркто БУУнун алдында Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун түзүүнү сунуштаган", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан демилгелеген резолюцияга Япония, Кытай, Россия жана Индия өңдүү 60 өлкө авторлош болгону белгиленет. Тизме менен Тышкы иштер министрлигинин сайтынан таанышууга болот.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Reuters агенттигине берген маегинде дүйнө туңгуюкка кептелип баратканын билдирди.
Анын айтымында, Дүйнөлүк метеорологиялык уюм 2020-жылы токойлор өрттөнүп, кургакчылык болуп, суу ташкындап, ага кошумча мөңгүлөр эригени боюнча отчёт берген. Мындай көрүнүш тарыхта сейрек кездешери айтылат.
The six years since 2015 have been the hottest on record.
— António Guterres (@antonioguterres) April 19, 2021
Last year, carbon dioxide concentrations rose to a new high.
Climate disruption is here.
This is truly a pivotal year for humanity’s future. We have no time to waste. https://t.co/xCjg65uyWX pic.twitter.com/5DEYmBXtxB
"Биз жоголуп кетүү коркунучунда турабыз. Тропикалык бороон-чапкындардын, глобалдык жылуулуктун кесепетинен муз менен мөңгүлөрдүн эриши, токой өртү боюнча рекорддук деңгээл байкалууда. Илимий коомчулук тарабынан аныкталган кооптуу 1,5 градуска жетебизби деп турам", — деген БУУ өкүлү.
Мындай жагдай климаттын кескин өзгөрүшүнөн ансыз да жапа чеккен миллиондогон адам үчүн бөтөнчө кыйынчылык жаратарын кошумчалаган.
Гутерриш дүйнө лидерлерин аталган документ менен таанышууга чакырып, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө үндөдү.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 19 судьяны жергиликтүү сотторго дайындады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президенттин дарегине Чүй жана Ош облустарынын айрым райондук сотторго судьяларды дайындоо үчүн 20 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн.
"Садыр Жапаров судьялык кызматка 19 талапкер боюнча кеңештин сунушуна макул болду. Ал эми бир талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, материалдарды кеңешке кайтарды", — деп айтылат маалыматта.
Ысык-Ата райондук соту:
Кара-Суу райондук соту:
Араван райондук соту:
Ноокат райондук соту:
Өзгөн райондук соту:
Ош шаардык соту:
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.